Аймактык кеӊселер ачылды

8-январда Нарын шаарынын Борбор жана Чыгыш чɵлкɵмдɵрүндɵ аймактык кеӊселер ачылып, ишке берилди.

Эми аталган аймактардын тургундары тазалыкка, сууга, жер салыгына болгон жана башка коммуналдык тɵлɵмдɵрдү ушул кенселерге келип тɵлɵп, зарыл болгон справкаларды ала алышат. Кеӊседе аймак башчысы, катчысы жана жер адиси иш алып барат.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов билдиргендей, мурда кварталдык комитеттер «Таза Нарын» ишканасынын базасында болуп, ар кайсы жерде ижарада туруп, справка берүү менен гана чектелчү. Ѳткɵн жылдан бери жүргүзүлүп жаткан реформанын негизинде мурдагы Муниципалдык менчик департаменти жоюлуп, Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишкана түзүлүп, кварталдык комитеттер ушул ишкананын карамагына ɵткɵрүлүп берилген. Бул жерде Нарын шаарынын калкынын бирдиктүү маалымат базасы түзүлүп, ар бир тургундун ɵздүк маалыматтары топтолот. Бул эл үчүн да, алар менен иш алып барган кызматкерлер үчүн да ыӊгайлуу болмокчу.

Белгилей кетсек, Нарын шаарындагы беш чɵлкɵмдүн үчɵɵнɵ аймактык кеӊселер ачылып берилди. Алардын бири жеке ишкердин демилгеси менен ишке берилсе, бүгүн ачылган эки кеӊсеге жергиликтүү бюджеттен 900 миӊ сом каражат жумшалган. Шаар мэринин айтымында, кеӊселерди техникалык жабдуулар менен камсыздоо боюнча эл аралык уюмдар жана демɵɵрчүлɵр менен сүйлɵшүүлɵр жүргүзүлүүдɵ.  Буюрса жыл ичинде калган эки чɵлкɵмгɵ да жогорудагыдай шарт түзүлүп берилээри пландалууда.

Учурда шаардын №3-«Борбор» аймагында 2519 түтүн же 7800 баш калк жашаса, №1-«Кыргыз Араб достугу» аймагында 1400 түтүн же 4406 тургун бар.

IMG_6169_result IMG_6183_result IMG_6187_result IMG_6195_result IMG_6198_result IMG_6203_result

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий