АК ЖОЛ САГА, БҮТҮРҮҮЧҮ!

Бүгүн Нарын шаарындагы бардык мектептерде «Акыркы коӊгуроо» аземи жогорку майрамдык маанайда белгиленди. Ѳзгɵчɵ бүтүрүүчүлɵр үчүн бул күн эсте калаарлык кɵз ирмемдер, токунданган сезимдер менен коштолуп, жашоодогу жагымдуу күндɵрдүн катарын толуктады.

«Акыркы коӊгуроо» аземи Нарын шаарындагы В. П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында да чоӊ салтанат менен ɵткɵрүлдү.

Майрамдык иш чараны ачкан мектеп директору Айчүрɵк Самакова гимназиядагы жетишкендиктерге токтолуп, бул жерде окуучулардын дүйнɵдɵгү ɵзү теӊдүү балдардан артта калбоосу үчүн эл аралык долбоорлор менен иштешүүгɵ, тилдерди үйрɵтүүгɵ, балдардын жашоодогу активдүүлүгүн, мекенчилдигин арттыруу ыкмаларына ɵзгɵчɵ басым жасалаарын жана 15 жыл мурда баштаган долбоорлор жемишин бере баштаганын, мисалы быйылкы бүтүрүүчүлɵр стандарттуу билим алуу менен катар орус тилин  тереӊ ɵздɵштүрүп, англис, немец тилдеринде эркин сүйлɵп, кытай, түрк тилдерин жакшы билишээрин белгиледи.

Эл аралык долбоорлор менен иштешүүнүн негизинде быйылкы жылы Нурайым Нургазиева, Салкынай Эмилбекова, Жедигер Жусупов, Кайрат Дербишалиев жана Жибек Абдумуталип кызы Америка кошмо штаттарына барып окуп келүүгɵ мүмкүнчүлүк алышса, Алтынай Эрнист кызы, Айжанат Рысбек кызы, Аманали Рахатбек уулу, Айжамал Мирбек кызы жана Айжамал  Жетигенова немец тили боюнча ɵткɵрүлгɵн он-лайн сынагынын жыйынтыгы менен Германияга жайкы лагерге барганы турушкандыгын сыймыктануу менен маалымдады.

В. П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын «Акыркы коӊгуроо» аземине катышкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов бүтүрүүчүлɵргɵ, мугалимдерге, ата-энелерге, мектептин 10, 20, 30 жылдык маараке ээлерине куттук жолдоду.

Быйылкы жыл Нарын шаарынын билим берүү тармагында ийгиликтүү жылдардан болгондугун, жыл ичинде шаардагы орто мектептерде 7665 окуучу билим алып, анын ичинен 401 окуучу 11-классты, 632 окуучу 9-классты бүтүрүү алдында турганын, 11-классты аяктап жаткан окуучулардын ичинен «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алууга 19 талапкер, ал эми 9-класстардын ичинен артыкчылык күбɵлүктɵрүнɵ 53 талапкер даярдык кɵрүп жатканын билдирип, «Алтын тамгага» ат салышып жаткан В. П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлɵрү: БакытгүлүЛира Бакытбековага, Адина Бекжановага, Ак-Чолпон Аскаровага, Нурайым Нургазиевага, Салкынай Эмилбековага жана Аскар Иманакуновго ийгилик каалады.

Ошондой эле олимпиадалардын жыйынтыгы менен шаардын мектептери облус боюнча экинчи орунду камсыздаганын, 5 окуучу республикалык олимпиадага катышып, №4-Э. Ибраев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Арслан Майрамбеков тарых сабагы боюнча республикалык олимпиадада биринчи орунду ээлеп Нарын шаарынын атын чыгарганын сыймыктануу менен белгиледи.

Республикалык олимпиадага катышкан В. П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары Перизат Асановага, Нурай Нургазиевага жана Бермет Улукбековага ыраазылык билдирди.

Мындан сырткары Москва шаарында ɵткɵрүлгɵн XX  Эл аралык «Интеллект» олимпиадасында биринчи орунду камсыздаган мектеп-гимназиянын 5-классынын окуучусу Дарина Шариповага, үчүнчү орунду камсыздаган 9-класстын окуучусу Айжамал Тиленбаевага жана алардын мугалими Ольга Лепеевага ыраазылык билдирип, Нарын шаарынын гана эмес ɵлкɵбүздүн сыймыгы болгон В. П. Чкалов мектебинин мугалимдерине, бүтүрүүчүлɵрүнɵ жана окуучуларына ийгилик жолдоду.

Шаар мэри мындан аркы сɵзүндɵ жергиликтүү бийлик тарабынан мектептердин материалдык-техникалык абалын чыӊдоого колдон келишинче аракет кɵрүлүп атканын белгилеп, быйыл аталган мектеп-гимназиянын спорт залы теӊдештирилүүчү грантка киргизилгенин жана мектептин кошумча корпусунун курулушуна республикалык бюджеттен каражат каралгандыгын маалымдады.

Сɵзүнүн аягында бүтүрүүчүлɵргɵ ак жол, кеӊ келечек каалап, окуу жылын мыкты кɵрсɵткүчтɵр менен аяктаган окуучуларга жана мугалимдерге стимул катары Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык Кеӊештин дипломдорун, стипендияларын тапшырды.

Майрамдык иш чарада Нарын шаардык Кеӊешинин башкы адиси Акылай Жапаралиева тарабынан шаардык Кеӊештин Ардак грамоталары алдыӊкы мугалимдерге ыйгарылды.

«Акыркы коӊгуроо» аземи кɵптɵгɵн куттуктоолор, каалоо-тилектер, ыр-бийлер менен коштолуп, быйылкы окуу жылынын акыркы коӊгуроосу кагылды.

Мындай майрамдык иш чаралар шаардагы бардык  мектептерде ɵткɵрүлүп, бул күнү шаардык мектептердин жана М. Субагожоев, Ү. Асанов атындагы мектеп-лицейлердин 61 окуучусуна жана 11 мугалимине 1000 сом ɵлчɵмүндɵгү стипендиялар жана дипломдор тапшырылды.  Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 72 миӊ сом каражат жумшалды.

IMG_0476_result IMG_0482_result IMG_0483_result IMG_0485_result IMG_0488_result IMG_0500_result IMG_0506_result IMG_0508_result IMG_0509_result IMG_0510_result IMG_0511_result IMG_0523_result IMG_0531_result IMG_0532_result IMG_0534_result IMG_0535_result IMG_0537_result IMG_0539_result IMG_0540_result IMG_0542_result IMG_0545_result IMG_0547_result IMG_0548_result IMG_0549_result IMG_0551_result IMG_0554_result IMG_0556_result IMG_0562_result IMG_0569_result IMG_0571_result IMG_0586_result IMG_0587_result IMG_0596_result IMG_0600_result IMG_0602_result IMG_0610_result IMG_0616_result IMG_0630_result IMG_0639_result

IMG_0630_result

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий