АРЫКТАРДЫ ОҢДОО УЛАНУУДА

Нарын шаарынын ички арыктарын оңдоо улантып жатат. Учурда Ленин -А. Чоробаев- С. Орозбаков көчөлөрүнүн агын суу агуучу арыктарын кайра калыбына келтирүү, тазалап кеңейтүү иштери жүрүп жатат.
Ал эми, С. Орозбаков — Шуллер көчөсүндөгү арыктын агын сууларды кетирүүчү бөлүгү, 175 метр аралык толук тазаланып ишке кирди.
Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев шаардык жашылдандыруу ишканасынын башчысы Нарынбек Өмүракуновго жазгы-жайкы мезгилдеринде агын сууларынын мааниси чоң экендигин айтып, баардык аймактарга сугат суусун жеткирүү максатын ыкчам ишке ашырууну тапшырды.
Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий