Аялзатынын эң кымбат, баарынан асыл, ыйык милдети – улуу табигат тартуулаган энелик милдет

2012-жылдын 23-апрелинде, КР Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында Энелер күнүн белгилɵɵ жɵнүндɵ» Жарлыкка кол коюуп, ага ылайык май айынын үчүнчү дем алыш күнүн, Энелер Күнү катары белгилɵɵ тууралуу чечим кабыл алынган.

Бул майрам аз убакыттан тартып белгилене  баштаганына карабастан, эң жагымдуу майрамдардын бирине айланды. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун бир топ жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган күн катары майрамдалып келет.

Бүгүн 13-майда Нарын шаардык мэриясы бул майрамдын урматына карата маданият үйүндө иш чара өткөрдү. Ага баатыр-энелер, шаардык мекеме,ишканалардын кызматкерлери, шаардагы апалар катышышты.

Үйдүн куту, турмуштун чыныгы туткасы, адамзаттын эң биринчи тарбиячылары болгон ардактуу энелеребиздин майрамы менен шаар мэри Р.Адиев куттуктап, бекем ден соолук, бакубат бактылуу жашоо, жарык маанай, үй-бүлөлөрүнө кут, береке, ырыскы каалап өттү.

Майрамга келген 250 энеге шаар мэринин атынан атайын куттуктоо баракчалары жана баалуу белектер тапшырылды. Иш чара майрамдык концерт менен коштолду.

IMG_5029 IMG_5030 IMG_5032 IMG_5033 IMG_5039 IMG_5042 IMG_5049 IMG_5056 IMG_5059 IMG_5062

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий