Бай тарыхы бар Нарын шаарына 148-жыл

Бүгүн, 17-сентябрь күнү Нарын шаарынын туулган күнү белгиленди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган иш-чара Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында өтүп, маданий жана спорттук иш-чаралар менен коштолду.

Алгач майрамдык иш чараны Нарын шаарынын мэри Р.Адиев ачып, шаар тургундарын, жалпы теңиртоолуктарды Нарын шаарынын туулган күнү, негизделишинин 148 жылдыгы менен куттуктап, тɵрт тарабынан тоолор менен курчалган, Улуу  Жибек  жолундагы  чакан  Нарын шаарынын 1939-жылдан берки тарыхына токтолуп, бул жылдар аралыгында замандын шарттарына жана талаптарына ылайык, калктын жашоо шартын жакшырышына, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгɵ, шаардын социалдык – экономикалык ɵнүгүшүнɵ аракеттер кɵрүлүп, тийиштүү салымдар кошулуп, Нарын шаарынын  азыркы келбети жаралып тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле куттуктоо сөздөрүн КРѲ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева жана Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Э.Турсуналиев сүйлөшүп, борбор калаабыздын өнүгүп-өсүп, өркүндөй беришине тилектештигин билдиришти.

Андан кийин спорттун аралыкка чуркоо, аркан тартыш, кол күрөш жана чоюн көтөрүү түрлөрү боюнча мелдештер өтүп, ага бардык каалоочулар катыша алышты. Жеңүүчүлөр белектерге ээ болушту.

“Тоо койнундагы шаар” темасында сүрөт көргөзмөгө Нарын шаары жөнүндө тартылган сүрөттөр коюулуп, “Менин сүйүктүү шаарым” аталыштагы асфальтка сүрөт тартуу сынагы уюштурулуп, атайын комиссия тарабынан мыкты деп тандалган сүрөттөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды. Майрамдык иш чара концерттик программа менен улантылды.

img_9322 img_9324 img_9325 img_9330 img_9333 img_9338 img_9341 img_9347 img_9355 img_9360 img_9364 img_9370 img_9373 img_9375 img_9376 img_9388 img_9392 img_9401 img_9411 img_9413 img_9417 img_9432

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий