БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕК

 

Нарын шаарында 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш чаралар шаар аймагындагы парк-скверлерде уюштурулду.

Балдарды Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Сыдыкова, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев жана Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев   куттуктап, таланттуу жеткинчектердин жана маданият кызматкерлеринин ыр, бийлери, оюн-зооктору менен коштолду.

 

«Кымбаттуу бөбөктөрүм , силер үйүбүздүн сүйүнчү, кубанычы, бактысысынар!

Бүгүнкү биздин 5 жашар балдарыбыз10 жылдан кийин мектеп окуучулары, 20 жылдан кийин кооомуздун негизги эмгекчил күчү, 30 жылдан кийин өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүчүлөрү, 40 жылдан кийин мамлекетибиздин башкаруучулары болушат.

Андыктан биз, улуу муун балдарыбызга берген тарбиянын үзүрүн көрөбүз. Ошондуктан татыктуу билим-тарбия берели.

Кымбатуу бөбөктөрүм, жүзүнөр жарык, жашоонор жомоктогудай кызыктуу, шандуу болсун. Кудайым өмүрүнөргө, береке, тоодой бакыт берсин!

Ыймандуу билимдуу, намыстуу мекенчил,адептүү, акылдуу болуп чонойгула. Кең келечек каалайм!

Жаштын тилегин берет демекчи баардык тилектеринер орундалсын!

Майрамыңыздар кут болсун!»-деди шаар башчысы куттуктоо сөзүндө.

Майрамда бөбөктөргө демөөрчүлөр тарабынан балмуздактар таратылды.

 

Балдарды коргоо күнүнө карата Калаа башчысы балдар ооруканасында даарыланып жаткан бөбөктөрдөн кабар алып, чакан белектерин тапгырды. Ошоной эле С. Орозбаков  атындагы облустук китепканасына барып бөбөктөргө жомок окуп берди.

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий