26-июнь-Эл аралык Баӊгилик жана баӊгизат соодасына каршы күрɵшүү күнү.
Буга карата, бүгүн, Нарын шаарынын саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери тарабынан «Биз баӊгиликке каршыбыз» ураанынын алдында акция уюштурулуп, жɵɵ жүрүш жана флешмоб менен коштолду.
Иш чара баӊгилик менен күрɵшүүгɵ жана алдын алууга жалпы коомчулукту, айрыкча жаштарды үндɵɵ максатын кɵздɵдү.
Акцияга катышкан жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрү баӊгиликке каршы системалуу иш алып баруу, күрɵштү уланта берүү зарылдыгын белгилешти.
Нарын облустук үй-бүлɵлүк медицина борборунун, СПИДге жана Кургак учукка каршы күрɵшүү борборлорунун жана Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кызматкерлери баӊгиликке каршы күрɵшүүгɵ чакырык таштаган ураандарын тартуулап, флешмоб бийин бийлешти.