БИЛИМ КҮНҮ НАРЫН ШААРЫНДА…

Бүгүн, 2-сентябрда Нарын шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринде Билим күнүнө арналган майрамдык салтанаттуу иш чаралар менен жаңы окуу жылы башталды.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардагы №1-Токтогул атындагы орто мектепте өткөрүлгөн Биринчи коңгуроо аземине катышып, педагогикалык жамаатты жана окуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө улуу акын-демократ Токтогул Сатылгановдун ысымын алып жүргөн бул билим уясы 1941-жылдан бери 15 миңден ашык окуучуларды турмуш жолуна узатканын, бүтүрүүчүлөрдүн арасында академик Үсөн Асанов, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин баштаган бир катар улуу инсандар чыкканын сыймыктануу менен белгиледи. Ошондой эле мектеп окуучуларына окуудагы бийик жетишкендиктерди, мугалимдер жамаатына ийгилик, ынтымак каалады.

Майрамдык жыйындардын соңунда биринчи коңгуроо кагылып, бардык мектептерде коомдук жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган тарбиялык сааттар өтүлдү.

Маалымат үчүн айта кетсек, быйылкы жылы Нарын шаарындагы орто мектептерде 1-класстын босогосун 1016 окуучу аттады. Ал эми орто мектептерде билип ала турган жалпы окуучулардын саны болжолдуу 8700дү түздү.

Жаңы окуу жылына карата мектептердин жана бала бакчалардын кезектеги ремонт иштерине жана башка керектөөлөрүнө Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 2 миллион 332 миң сом бөлүнүп берилип, даярдыктар көрүлдү.

Share

Добавить комментарий