БЫЙЫЛКЫ ЖАЙДА НАРЫН ШААРЫНДАГЫ МЕКЕМЕЛЕР КОРООЛОРУНА ТҮРДҮҮ ГҮЛДӨРДҮ ӨСТҮРҮШТҮ

20046689_1505889792864730_7799802978588205090_nБыйылкы жайда Нарын шаарындагы айрым мекеме, ишканалар короолоруна түрдүү гүлдөрдү өстүрүштү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаарындагы саламаттык сактоо мекемелеринин арасында жашылдандыруу, гүл өстүрүү боюнча  сынак  жарыяланган.  Медициналык кызматкерлер фантазияларына жараша гүлдөрдүн түрүн отургузуп, аларга камкордук көрүп келишет.

Бул шыктандыруучу иш-чаралар жеке эле Нарын облустук больницасынын айлана тегерегине көрк бербестен, шаарыбызга да кооз, жагымдуу көрүнүш тартуулап келет.

Ал эми Нарын шаарындагы №4 “Наристе-Нур” балдар бакчасы да өзүнө тийиштүү короосуна жана бош аянттарга туркүн түстүү гүлдөрдү өстүрүп, чыгармачылык менен кооздоп койгон.

IMG-20170728-WA0012 IMG-20170728-WA0010 IMG-20170728-WA0007 IMG-20170728-WA0009 IMG-20170728-WA0008 IMG-20170728-WA0006

19424395_1440823045957078_5465155511293355963_n 19247656_1440823029290413_4910152625310850093_n (1)

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий