БѲБѲК ЖЫЛМАЙСА ААЛАМ ЖЫЛМАЯТ

1-июнь-Балдардын коргоонун эл аралык күнүнɵ карата Нарын шаарындагы «Алмак-Бак», Р. Ѳмүрзакова жана С. Жакыпов атындагы парктарда майрамдык оюн-зоок иш чаралары уюштурулду.

Жай айынын биринчи күнүндɵгү бɵбɵктɵр майрамы наристелер менен бирге алардын ата-энелерине да жагымдуу маанай тартуулады.

Бул күнү Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ар бир паркка барып бɵбɵктɵрдү куттуктап, аталык мээрими менен балдарга жакшы каалоо-тилектерин арнашты.

Бишкек шаарынан келген «Керемет кɵч» балдар театрынын оюн-зоогу, ошондой эле Ж. Шералиев атындагы музыкалык мектептин, бала бакчалардын тарбиялануучуларынын, жергиликтүү маданият кызматкерлеринин концерттик программалары майрамга шаӊ кошту.

Балдарга кино кɵрсɵтүлүп, «Асфальтка сүрɵт тартуу» конкурсу ɵткɵрүлдү. Ошондой эле балдарды китеп окууга чакырган китеп бурчтары уюштурулуп, Искусство галереясы бɵбɵктɵр үчүн эшигин ачты.

Бул күнү иш чараларга катышкан балдарга Нарын шаардык мэриясынын кызыктуу белектери ыйгарылды.

Мындан сырткары Нарын шаарынын кулуну, жеке ишкер Бакыт Жумагуловдун демɵɵрчүлүгү менен 3 миӊ балмуздак бɵбɵктɵргɵ акысыз таратылды. Белгилей кетсек, жеке ишкер Б. Жумагулов буга чейин дагы Нарын шаарында ɵткɵрүлгɵн кɵптɵгɵн иш чараларга материалдык колдоо кɵрсɵтүп келген.

Share

Добавить комментарий