Нарын шаарынын РТС чөлкөмүндɵгү Бакыт Жапаралиев атындагы паркында 1-июнь балдардын эл аралык күнүнүн экинчи бɵлүгү белгиленди.
Майрамга удаа, кɵп жылдан бери каралбай калган парк, бүгүнкү күндɵ кайрадан жандандырылып, айланасы тосулуп, бак-дарактардын түрү отургузулуп, паркты жашылдандыруу — кɵрктɵндүрүү, ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүп, кайрадан калыбына келтирилген абалынан кийинки ачылышы, кызыл лента кесүү аземи болду.
Шаар мэри, келечекте бул жай шаар тургундары эс ала турган, ɵзгɵчɵ балдар ойной турган гүлбакка айланаарына тереӊ ишеничин билдирип, шаар тургундарын, чɵлкɵмдүн жашоочуларын паркка аярлуу мамиле жасоого, эртеӊки келечек муунга жакшы абалда ɵткɵрүп берүүгɵ салымдарын кошууга чакырды.
Мындан сырткары, биздин эң аялуу да, эң баалуу да нерсебиз болгон балдарга каалоо тилектерин жолдоп, жакында аталган паркка балдар үчүн «батуд» коюулуп берилээрин убадалады.
Белгилей кетсек, майрамдык иш чара №18 «Ак-Дил» балдар бакчасы жана №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебининин күчү менен даярдалган концерт менен коштолду.