«ГИС ТЕХНОЛОГИЯСЫН КОЛДОНУУ МЕНЕН НАРЫН ШААРЫНЫН БИРГЕЛЕШКЕН ПЛАНДАШТЫРУУСУН ЖОГОРУЛАТУУ» БОЮНЧА ДОЛБООРУ ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА

Канада Ѳкмөтүнүн өкүлдөрүнүн Нарын шаардык мэриясына болгон сапары Нарын шаардык мэриясынын алдындагы ГИС-кабинет менен таанышуусу менен улантылды.

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 300 миң  Канада доллары жумшалган. Система муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине маалыматтык базадан каалаган объект тууралуу керектүү маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Инновациялык башкаруу ыкмаларын киргизүү менен калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн Нарын шаардык суу канал жана “Таза-Нарын” ишканалары тандалып алынган.

Санариптик картадан калкка кызмат көрсөтүп жаткан ишканалар кудуктардын, канализация түтүктөрүнүн жайгашуусу, насостук станциялар, суунун басымы, керектөөчүлөрдүн таза сууга кошулган схемаларын, турмуш-тиричилик таштандыларынын жайгашуулары жана алардын маршруттары, социалдык объектилер, турак-жай чарбалары жана башка маалыматтарды ала алышат.

Учурда Таза-Нарын ишканасы тарабынан геоинформациялык системага абоненттердин геокоординаттары боюнча маалыматтарды киргизүү иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары мэриянын жана Электр тармактар ишканасынын демилгеси менен трансформатордук подстанцияларынын жана электр берүү линиясынын координаттарын GPS навигатор аркылуу аныктоо боюнча иш аракеттер жүрүп жатат.

Нарын шаарынын гискартасына тиешелүү маалыматтар атайын окутуудан өткөн Нарын шаардык мэриясынын, Таза-Нарын жана суу канал ишканаларынын кызматкерлери тарабынан киргизилип турат.

IMG_8225 IMG_8229

Share

Добавить комментарий