ЖАЙКЫ ОЛИМПИАДАЛЫК ОЮНДАРГА ЖОЛДОМО УТУП АЛГАН БАЛБАН ЭРНАЗАРДЫ НАРЫН САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛДЫ

9- 11- Апрель күндөрү Казакстан Республикасында өткөн эл аралык мелдеште Кыргызстандын атынан чыккан 23 жаштагы Эрназар Акматалиев жеңүүчү болуп, олимпиадалык оюндарга жолдомо утуп алып, жалпы Кыргызстандыктардын алкоосуна татыды.
Бүгүн, кичи мекенине келген Эрназар Акматалиевди Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров , Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов , Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова, Нарын районунун акими Алтынбек Сенирбаев баштаган балбандын айылдаштары салтанаттуу тосуп алышты.
Мекенине сыймык алып келген балбанды тосуп алуу иш чарасын ачкан вице-мэр Эрназар Акматалиев Нарын шаарындагы Сүйүнбек Бекмамбетов атындагы спорт мектебинин тарбиялануучусу экендигин айтып, эл аралык ареналарда намыс коргоп келе жаткандыгын белгилеп, алдыдагы олимпиадада да ийгилик жаратууну каалап, балбанга 50 миң сомдун сертификатын , ал эми машыктыруучусу Канат Сыдыкбековго 20 миң сомдун сертификатын тапшырышты.
Эрназар Жаштар арасындагы Азия чемпионатында эки жолу 2-орунду камсыздаган, Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, “Тахти Кубогу “ эл аралык мелдешинде чемпион болгон.
Ал, Нарын районунун Орто-Нура айылында 1998-жылы төрөлүп, Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте окуп, спорттогу карьерасын Сүйүнбек Бекмамбетов атындагы спорт мектебинде машыгуу менен баштаган.
Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий