Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!
Сиздерди Нарын шаарынын мэри Адиев Рахат Нурдиновичтин 2015-жылдын 31-мартынан 11-апрелине чейин ɵткɵрүлүүчү шаардын эли менен жолугушууларына чакырабыз. Келип кɵйгɵйлүү маселелер боюнча суроолоруӊуздарды берип, катышып кетиӊиздер.
Жолугушуунун графиги тɵмɵндɵгүдɵй:
- 31.03.2015-ж. саат 17-00 — РТС аймагынын жашоочулары менен №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинде;
- 02.04.2015-ж. саат 17-00 – Москва чɵлкɵмүнүн жашоочулары менен №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинде;
- 3. 04.04.2015-ж. саат 13-00 – 64тɵн баштап Телекомго чейинки аймактын жашоочулары менен №2 В.Чкалов атындагы орто мектебинде;
- 4. 08.04.2015-ж. саат 17-00 – Телекомдон Орок-Балкага чейинки аймактын жашоочуулары менен №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде;
- 5. 10.04.2015-ж. саат 17-00 – Орок-Балкадан Жаӊы Жолго чейинки аймактын жашоочулары менен №8 Арстанбек Б.у. атындагы орто мектебинде;
- 6. 11.04.2015-ж. саат 13-00 – Жаӊы Жолдон Интернатка чейинки аймактын жашоочулары менен №9 А.Садыков атындагы орто мектебинде.