Жаңы окуу жылы башталаар алдында Нарын шаарындагы “Биздин тилек” жаштар кайрымдуулук фондунун демилгесин колдоого алып Нарын шаардык мэриясы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдарынан жардам көрсөттү.
Бул иш “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” аттуу кароо-сынактын алкагында жүзөгө ашты.
Бул үчүн Нарын шаардык Кеңеши тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 6000 сом бөлүнүп берилди.
“Биздин тилек” жаштар кайрымдуулук фонду Нарын облустук жаштар Кеңешинин алдында 2016-жылы түзүлгөн. Ошондон бери демөөрчүлөрдү таап, кайрылуулардын негизинде жаштарга ар кандай материалдык колдоолорду көрсөтүп келет.