ЖӨӨ ЖҮРҮШ

Бүгүн, 10-февралда Нарын шаардык мэриясынын жана шаарыбыздын активүү жаштарынын демилгеси менен Нарын шаарынын Шаарча (Городок) аймагынан баштап, Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтына чейин жол кырсыктарын алдын алуу жана жол коопсуздугун сактоо боюнча жөө жүрүш болуп өттү.

Жөө жүрүшкө Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, Нарын облустук жол коопсуздугун сактоо кызматкерлери, Нарын шаардык казыяты, Нарын облустук ички иштер башкармалыгын кызматкерлери, Нарын шаарынын жаштар уюму, эл ташып кызмат кылган айдоочулар, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттери, шаарыбыздагы орто мектептин окуучулары жана шаар тургундары катышты.

Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтка чогулган жөө жүрүштүн катышуучуларына шаар башчысы Нурбек Молдокадыров, облустук жол коопсуздугун сактоо кызматынын башчысы Кеңешбек Айсаналиев, шаардык казыятынын өкүлү Жаңыбай Садыбакас уулу, Нарын шаарынын жаштар уюмунун өкүлү Болот Эстебесов жана №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептин окуучусу Алиша Эсенова сөз сүйлөдү.

Чогулуштун калган бөлүгү Нарын шаарындагы орто мектептердин ар биринен түзүлгөн Жол кыймылынын жаш инспекторлору (ЮИДД) тарабынан көрсөтүлгөн жол коопсуздугу тууралуу көрсөтүүлөр менен уланды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий