Ж а ры я !

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!

Кыргыз Республикасында шайлоо процессин  ɵркүндɵтүү, 2015-жылдагы парламенттик шайлоолорду жана андан кийинки шайлоолорду ак ниет жана айкын ɵткɵрүүнү камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн 2014-жылдын 30-июнундагы №242-б буйругуна, Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин киргизүү жана Кыргыз Республикасынын калкынын биометрикалык маалыматтарын чогултууну жүргүзүү жɵнүндɵгү 2014-жылдын 16-январындагы №1 чечимине ылайык, Нарын шаарынын аймагында жайгашкан кɵчɵлɵрдүн маалым даректерин тактоо иштери жүргүзүлүп, анкета толтурулуп жаткандыгына байланыштуу, Нарын шаардык мэриясы турак жай ээлерине тɵмɵндɵгүлɵрдү тактоого милдеттүү экендигин эскертет:

  • Жашаган үйдүн документтеринде (мамлекеттик актысында же техникалык паспортунда) кɵчɵнүн аталышы, номери жок болгон, ɵзгɵргɵн же алмашылган учурда,  Нарын аймактык мамлекеттик каттоо башкармасына кайрылып каттатууга;
  • Кварталдык комитеттерден үйдүн китебинин (домовая книга) негизинде чарба китепке жашаган адамдарды каттатууга;
  • Нарын шаардык Кеӊешинин токтомунун негизинде, шаардын айрым кɵчɵлɵрүнɵ ысымдарын койдурган жарандар же алардын жакын туугандары, кɵчɵлɵрдүн аталышын Нарын аймактык мамлекеттик каттоо башкармасынан каттоодон ɵткɵрɵ элек шартта,  кайра каттоодон  ɵткɵрүү зарыл.

Маалым даректерди тактоо иштери 2014-жылдын 1-августуна чейин жүргүзүлɵɵрүн билдиребиз.

Нарын шаардык мэриясы

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий