ЗОМБУЛУКТУ ТОКТОТ

Нарын шаарындагы орто  мектептерде зордук зомбулукка каршы күрөшүүгө арналган иш чаралар өткөрүлө баштады. Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырованын демилгеси менен өтүп жаткан иш чараларда жогорку класстын окуучулары зомбулуктун келип чыгышы жана чечүү жолдорун дебаттарда талкуулашууда.

Дебатка вице-мэр Назира Жумакадырова, Нарын шаарынын прокурору Манас Акматалиев, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов,  социалдык коргоо, балдар менен иштөө инспекторлор, казыят  кызматкерлери,мугалимдер жана окуучулар катышышты.

Үй бүлөлүк зордук зомбулуктун себептери жана чечүү жолдору тууралуу балдардын талкуусу №2 В.П. Чкалов атындагы  мектеп-гимназиясында жана №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектептерде өттү.

“ Үй бүлөлүк зордук зомбулук  аярлуу маселе болуп эсептелет. Балдарга физикалык, психикалык жана сексуалдык зордук зомбулук жасоо маселесине жапыр көңүл буруу менен биз жакшы натыйжа көрсөтө алабыз. Бири-бирибиздин маанайыбызга көз салып, оор учурга кабылган жакныдарыбыз, тааныштарыбыз боло турганын байкаган учурда ага моралдык колдоо көрсөтүүгө чакырам. Мектеп ичинде тартип сакталып,  жогорку класстын окуучулары зордук зомбулуктун эмне экендигин аңдап билиши керек.” –деди вице-мэр.

Зордук зомбулукка каршы күрөшүү иш аракеттеринин алкагындагы окуучулардын дебаты социалдык коргоо , укук коргоо кызматкерлеринин катышуусунда шаардагы баардык орто мектептерде өткөрүлүп, зомбулуктун алдын алуу  талкууланат.

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий