Зордукчул экстремизмди алдын алып, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна кам көрөлү

«2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын онуктуруунун Улуттук стратегиясынын 2.5-пунктунда Демократиялуу мамлекеттеги дин томондогучо  аныкталган:

Кыргыз Республикасы- светтик (дуйнобий) мамлекет,  жарандардын дин тутуу жана ынанымдарынын эркиндигине укуктарынын ишке ашырылышына кепилдик берет, диний уюмдарга карата бейтараптыгын сактайт, диний чойродо процесстерди натыйжалуу укуктук жонго салуну жана коомдук коопсуздукту камсыз кылат.

Башкача айтканда, Кыргызстанда эч бир дин мамлекеттик же милдеттуу эмес экендигин, дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылгандыгын, диний бирикмелердин жана диний кызматкерлердин мамлекеттик органдардын ишмердуулугуно кийлигишуусуно тыюу салынгандагын стратегия даана белгилейт.

Жогорудагы стратегиядан сырткары «2014-2020-жылдарга Кыргыз республикасынын диний чойродогу мамлекеттик саясатынын Концепциясы»  кабыл алынып, ишке ашырылып келет. Концепция Кыргызстанда мамлекеттин диний саясатын ишке ашыруудагы онутун жана мамилесин туптойт. Диний чойродогу мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы мамлекеттин мамилесинде томонкулор боюнча жетекчиликке алынат, Кыргыз Республикасы-бул :

  • эгемендуу мамлекет
  • укуктук мамлекет
  • демократиялык мамлекет
  • дуйнобий мамлекет
  • социалдык мамлекет

Ошол эле учурда Концепцияда Мамлекет дин тутуу эркиндигин камсыздайт жана олкодогу бардык диний уюмдар мыйзам бузмайынча, ошондой эле жеке, коомдук жана улуттук денгээлде коркунуч туудурмайынча аларга бирдей мамиле жасайт деп белгиленген. Бул учурда олконун мыйзамдарына ылайык, мыйзамсыз ишмердуулукту токтотуу жана алдын алуу боюнча санкциялар колдонулат.

Концепция Кыргызстан калкынын 85% диний иденттуулугун мусулман катары аныктаган жагдайды баса белгилейт. Бул жааттагы калктын болугу менен иш алып барууда +кмот Кыргызстандагы радикал идеологияларды жана экстремисттик ишмердуулукту алдын алуу максатында, исламдын (биздин аймак учун) салттуу, мелуун баалулуктарын илгелиретууну камсыз кылуу учун шарттарды тузуп берет.

Бугунку куну дуйно жузунун коопсуздугуна коркунуч жараткан радикализм, экстремизм, терроризм тушунукторуно аныктама берсек, алар томонкучо:

Радикализм жонундо кеп кылууда создун озун, кандайдыр бир ишмердуулукту орто же адекваттуу тушунуудон айырмалантып, чектен чыккан кабыл алуу же жоромолдоо-деп тушунуу зарыл. Мисалы, жаран мамлекеттин дуйнобий (светтик) принцибин диний уюмдун ишмердуулугуно каршы болуу жана тыюу салуу кабыл алуусу же озун диндар адам катары эсептеп, башкалардын оюн, коомдун салтын же олконун мыйзамдарын эске албастан диний жоролголорду аша чапкандык менен аткаруусун айтса болот.

Экстремизм тушунугу дегенде эле, туура келбеген же чектен чыккан ыкмаларды колдонуу менен коюлган максаттарга жетууго багытталган радикалдык же фундоменталдык идеялардын ишке ашырылуусуна башкы конул бурат. Адаттагы тушунукто экстремизм зордукчул ыкмаларды колдонуу менен коюлган максаттарга жетуу дегенди билдирет. Ал эми жарандар же диний уюмдар тарабынан томонкудой экстремисттик аракеттер жургузулушу мумкун:

  • Кыргыз Республикасынын конституциялык тузулушунун негиздерин кучко салып озгортуу жана бутундугун бузуу аракети;
  • Кыргыз Республикасынын коопсуздугун бузууга аракет;
  • бийликтин ыйгарым укуктарын тартып алууга же ээлеп алууга аракет;
  • мыйзамсыз куралдуу тузулушторун тузууго аракет;
  • террористик аракеттерди жузого ашырууга аракет;
  • рассалык, улуттук же диний араздашууларды козутууга аракет;
  • улуттук ар намысты кемсинтууго аракет;
  • идеологиялык, саясий, рассалык, улуттук жуйоолор же диний жек коруу, ошондой эле ошого тете кандайдыр бир социалдык топторго карата жек коруу жуйолор боюнча же душмандык кылып массалык тополондорду, ээнбаштык аракеттерди жасоого уурдап, талап-тоноого;
  • динге, социалдык, рассалык, улуттук, диний же тилге тиешелуулугу жагынан
  • жарандардын озгочолугун, артыкчылыгын же кемдигин пропагандалоого;
  • экстремисстик уюмдардын атрибутикаларын же символикаларын пропагандалоо;
  • аталган аракеттерди жасоого элди ундоо же аталган аракеттерди жасоого аракет;
  • аталган аракеттерди каржылоо же аны жасоого комок корсотуу.

Терроризм тушунугуно келгенде, бул жараян ар кыл тушунукторду берип, жалпыга  кабыл алынган аныктамасы жок экендигин баса белгилоо зарыл.  Терроризм термини террор созунон келип чыгып, ал «коркутуу, уркутуу» дегенди туюндурат да, «коркутуп-уркутуунун  негизиндеги террористик акт жасоонун куч колдонуу ыкмасы» деп аныкталат. Жонокойлоп айтканда, терроризм-бул коомду же мамлекетти  коркутуш учун куч колдонуу жолу менен –зордукчул коркутуу кагылышынын тактикасы. Куч колдонуунун бул турундо объект белгисиз жана ким болбосун анын ордуна болуп калышы мумкун. Терроризмдин негизги тактикасы коомду дурболонго салуу, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздандыруу, мамлекетти мажбурлап репрессияларды кучоттуруу, натыйжада куралдуу чыр-чатактын чыгуусуна ынгайлуу абал жаратуу. Ошондуктан копчулук экстремисстик уюмдар оздорунун максатына жетуу учун дал ушундай тактиканы тандашат.

Андыктан экстремисттик-терррористтик максаттагы ар кандай угуттоолорго каршы туруп, мамлекетибиздин бутундугуно жана коопсуздугуна кам королу.

 

 

Share

Добавить комментарий