ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА КАРШЫ ЖАЛПЫ МЕКТЕПТЕРДЕ ТАЛКУУЛАР ӨТҮП, СҮРӨТ, ВИДЕО СЫНАКТАРЫ УЮШТУРУЛДУ

Нарын шаарындагы жалпы орто мектептердин жогорку класстарынын окуучуларынын активдүү катышуусунда зордук-зомбулукка каршы күрөшүү максатында талкуулар өттү.
Тарбиялык иш чараларга Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова, Нарын облусунун прокурору Эркингүл Урдалетова, Нарын шаарынын прокурору Манас Акматалиев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов, ички иштер органдарынан өкүлдөр катышып, өспүрүмдөрдүн зомбулук жана кылмыштуулук боюнча маалымдуулугун артыруу жана андан сактануу максатын көздөдү.
Окуучулар бул теманы сүрөт, видеолордо, театр форумда чагылдырышып, ачык сабактарда талкуулашып, кеңештерди угушту. Активдүү катышкан окуучуларга Ардак грамоталар тапшырылды.
Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий