ЗОРДУК ЗОМБУЛУК МАСЕЛЕСИ КУРЧ…

Үй бүлөлүк зордук зомбулуктун кесепттерин алдын алуу багытында алынып барылып жаткан иштер жана анын натыйжалары, кемчиликтер иш пландардын ишке ашырылышы  талкууланды. Жыйынга Нарын шаарынын  вице-мэри Назира Жумакадырова, Нарын шаарынын прокурору Манас  Акматалиев  жана зордук зомбулукка каршы иш алып барууга тийиштүү баардык тараптар катышышты.

Акыркы учурдарда үй бүлөлүк зордук зомбулук фактылары арбын катталып, коомчулуктун көнүл буруусун талап кылып келет. Нарын шаардык мэриясынын алдындагы  тийиштүү комитет алдын алуу иш чараларын кеңейтип, кооптуу учурдарды байкоого алуу  иштерин жакшыртууну колго алуулары зарыл экендиги белгиленди.

Ошондой эле, зордук зомбулукка байланыштуу мыйзамдарга да өзгөртүүлөр киргизилип, күчүнө кирген жаңы мыйзамдар  менен иштөөнү координациялоо, ак сакалдар сотунун ишин жандандырып таасирдүү иш алып баруу белгиленди. Мындан тышкары социалдык педагогдордун жана психологдордун  санын көбөйтүү жагын кароо тапшырылды.

 

 

 

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий