«ИЙГИЛИКТҮҮ АЙМАК» ДОЛБООРУ МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ КѲРСѲТҮҮНҮН САПАТЫН ЖАКШЫРТАТ.

3-майда Нарын шаардык мэриясында USAID уюмунун ɵкүлдɵрү менен Нарын шаардык мэриясынын, шаардык Кеӊештин депутаттарынын жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин жолугушуусу ɵткɵрүлүп, USAID уюму тарабынан ишке ашып жаткан «Ийгиликтүү аймак» долбоору талкууланды.

Белгилей кетсек, аталган долбоор жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары менен иштɵɵгɵ жана алардын ишин жакшыртууга, сапаттуу кызмат кɵрсɵтүүгɵ, жарандардын ишенимин жогорулатууга жана Кыргыз Республикасындагы аймактар арасында тажрыйба алмашууну күчɵтүүгɵ багытталган.

Кыргызстанда 2016-жылдан бери ишке ашып жаткан «Ийгиликтүү аймак» долбоору  USAID уюму тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтү жана Ѳкмɵтттүн алдындагы Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен ɵнɵктɵшүп иш алып барууда.

Беш жылдык мɵɵнɵттү камтыган бул долбоор 2016-жылдан бери айыл ɵкмɵттɵрү менен иштешип келсе, учурда Кара-Кол жана Нарын шаарлары кирип жатат.

Долбоордун алкагында жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын бирдиктүү системасын түзүүгɵ, жергиликтүү бюджеттин киреше бɵлүгүн туруктуу кармоого, жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү калктын ортосундагы ажырымды жоюуга кеп-кеӊештер берилет.

Жолугушууда USAIDдин ɵкүлдɵрү тарабынан долбоор тууралуу маалымат берилип, муниципалдык кызматтын сапатын кантип жогорулатуу керектиги талкууланды.

Буюрса үстүбүздɵгү жылдын июнь-июль айлары менен долбоордун алгачкы кадамдары жасалып, шаардык Кеӊештин иши бааланат. Андан кийин калк арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, жергиликтүү бийлик менен калктын ортосунда кайсы маселелер боюнча ажырым бар экени аныкталат. Ушундан кийин ажырымды жоюунун үстүндɵ иш башталат. Иштин натыйжалары боюнча жыл сайын анализ жүргүзүлүп турат. Долбоор 2021-жылга чейин улантылмакчы.

Ушундай эле жолугушуу жакында Кара-Кол шаарында ɵткɵрүлүп, шаардык Кеӊештин тɵрагасы жана мэриянын кызматкерлери катышып келишкен.

IMG_9534IMG_9531

 

 

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий