ИШКЕРЛЕР ТРОТУАР САЛЫШТЫ

Нарын шаарынын Жаңы Жол аймагындагы ишкерлер биригип, өз аймактарына жөө адамдар жолун салышып, брусчатка төшөштү.
Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп Тайлак баатыр скверинен көпүрөгө чейинки аралыкка тротуар салууну, мыйзамсыз тосмолорду алууну сүйлөшүшкөн.
Натыйжада, Кийизбаев Жыргалбек жана Талантбек Дүйшөбаев, Богаачы Садыбакасов атуу ишкерлерибиз тротуар салып жатышат. Бул үчүн айрым ишкерлер 200 миң сомго чукул каражатын сарптаган.
Эми ушул эле аймакка тротуар салуунудагы башка ишкерлер улантышат.
Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий