Бүгүн, 1-октябрь Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен Нарын шаарынын мэри Р.Адиев карыялардын үйлөрүн кыдырып куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
Нарын шаары боюнча 1116 улгайган адам каттоодо турат, даталуу күнгө карата 80 жаштан 90 жашка чейинки карыяларга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 48 600 сом акча каражаты бөлүнүп, байланыш бөлүмдөрү аркылуу таратылды.
Шаар башчысы 90 жаштан өткөн 15 улгайган адамдын үйлөрүнө барып куттуктап, белектерин тапшырып, ден-соолук, узак өмүр, дөөлөттүү каарылык каалады. Алардын арасында жалгыз бой жашаган ата, апалар да жок эмес. Каралашкан адамы жокторду көзөмөлгө алып, көмүр-отундан, азык-түлүктөрдөн жана башка жардамдар болсо көңүл бурулуп тураарын Р.Адиев белгиледи.
Белгилей кетсек, Нарын шаардык мэриясы тарабынан берилген азык-түлүк продуктыларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 32 миң сом акча каражатын бөлүнгөн.