«КЕЛЕЧЕК ОЮНДАН БАШТАЛАТ»

Бүгүн, 10-июнда Нарын шаарында «Келечек оюндан  башталат» ураанынын алдында III Дүйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюндарынын алкагында уюштурулган «Балдар оюндарынын кербени» аттуу маданий иш чара ɵткɵрүлдү.

III Дүйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюндарын уюштуруу жана ɵткɵрүү  боюнча катчылык, Бириккен Улуттар Уюмунун ЮНИСЕФ балдар фонду, Спорт агенттиги жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги биргелешип уюштуруп, Кыргызстандын облустарын жана 14 шаарын кыдырып жүргɵн “Балдар оюндарынын кербени” Нарын шаарынын калкына чоӊ майрамдык маанай тартуулады.

Иш чаранын алкагында балдар жана алардын ата-энелери аркан тартмай, ашкабак чапмай, жаа атуу, чүкɵ ойноо, беш таш, сүрɵт тартуу, жиптен секирүү, шамдагай алакан жана башка кɵчмɵндɵр оюндарынын түрлɵрүн ойноп, ырдап, бийлеп, викториналык суроолорго жооп берип, кɵӊүлдүү эс алышты. Ошондой эле уюштуруучулардын кызыктыруучу сыйлыктарына татыктуу болушту.

III Дүйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюндарын уюштуруу жана ɵткɵрүү  боюнча катчылыктын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова белгилегендей,  “Балдар оюндарынын кербени” улуттук оюндарыбызды жандандыруу, элге жайылтуу, балдарды уюлдук телефонго болгон кɵз карандылыктан алаксытуу, жаш жеткинчектердин улуттук аӊ-сезимдеринин калыптануусун, оюндар аркылуу жеткиликтүү ɵсүп-ɵнүгүүсүн шарттоо максатын кɵздɵйт.

Себеби балдардын ийгиликтүү ɵсүп-ɵнүгүүсү үчүн зарыл болгон нерселердин баары салттуу элдик оюндарда камтылган. Элдик оюндардын жеткиликтүүлүгү жана таасирдүүлүгү баланын ой жүгүртүү жɵндɵмүн активдештирип, дүйнɵ таанымын кеӊейтүүгɵ, психикалык процесстерди ɵнүктүрүүгɵ кɵмɵктɵшɵт.

Кыргыз элинде 50дɵн ашык элдик балдар оюндары болсо, иш чарада 25 негизги оюндар тандалып алынган.

Кербендин дагы бир максаты ата-энелердин балдарга мүмкүн болушунча кɵбүрɵɵк кɵӊүл буруусуна чакырык таштоо болуп саналат. Бул ɵзгɵчɵ эрте куракта ɵтɵ маанилүү. Бала жарык дүйнɵгɵ келгенден кийин жашоосунун алгачкы миӊ күнүндɵ анын мээси тез ыргакта ɵнүгүп, ар бир секунд сайын миӊге жакын жаӊы биригүүлɵр калыптанат. Алар баланын ɵмүрүнүн кийинки жылдарындагы ɵнүгүүсүн жана жаӊы нерселерди үйрɵнүү  мүмкүнчүлүктɵрүн камсыз кылат. Андыктан бала тɵрɵлгɵндɵн баштап аны менен ойноо ɵтɵ маанилүү.

IMG_1087_result IMG_1089_result IMG_1095_result IMG_1101_result IMG_1125_result IMG_1126_result IMG_1129_result IMG_1133_result IMG_1143_result

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий