КОЛЛЕГИЯДА ОРЧУНДУУ МАСЕЛЕЛЕР КАРАЛЫП, КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖОЮУ ТАПШЫРМАЛАРЫ БЕРИЛДИ.

Бүгүн, 4-июнда Нарын шаардык мэриясында коллегиянын кезектеги жыйыны ɵткɵрүлдү.

Жыйында Нарын шаарын кɵрктɵндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыгын камсыздоо боюнча үч айлыктын жүрүшү, ошондой эле жаш ɵспүрүмдɵргɵ карата зордук зомбулукту алдын алуу жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар менен иш алып барууда жасалып жаткан иштер боюнча маселелер каралды.

Иш чарада аткарылган иштер менен бирге кетирилген кемчиликтерге анализ жасалды.

Коллегиянын токтому менен иш милдеттери белгиленип, тиешелүү кызмат адамдарына кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди.

Share

Добавить комментарий