КООМДУК МОНЧО ИШТЕЙ БАШТАДЫ

Нраны шаарындаагы коомдук мончо бүгүн ачылып ишей баштады.

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин тапшырмасына ылайык  Городок чөлкөмүндөгү коомдук мончо бүгүнкү күндөн тартып кардарларды тейлей баштады. Нарын шаардык муниципалдык  транспорт ишканасына чарбалык башкарууга берилип,  оңдоо-түздөө жүргүзүлүп ачылды.

Коомдук мончонун абалы менен таанышып чыккан шаар башчысы тез арада ачуу чараларын көрүп, тийиштүү колдоолорду көрсөткөн. Жана алдыда дагы оңдоо жумуштары  жүргүзүлөт. Толук ачуу май айына  пландалып ага чейин коомдук мончонун бир тарабын аялдар жана эркектер үчүн кезектештирип иштетип туруу  чечилди.

Ал эми эсептешүү накталай эмес түрдө жүрүп атайын терминалдар орнотулуп, чач-тегиздетүүчү жай да уюштурулат.

 

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий