КООМДУК МОНЧО ТОЛУК АЧЫЛДЫ

Шаарча аймагындагы коомдук мончо эртең, 19-майдан баштап тейлөө кызматын толук көрсөтө баштайт.
Буга чейин коомдук мончонун бир тарабы оңдолуп ачылган.
Эми толук оңдоодон өткөрүлүп эки тарабы тең ачылды.
Жергиликтүү жашоочулар бир жылдан бери жабык турган коомдук жуунучу жайды тез арада ачып берүү боюнча шаар мэри Канболот Тутуевге кайрылышкан.
Мончону оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом каралып, мындан тышкары дагы 500 миң сомдой каражат сарпталган.
Электрондук төлөм кабыл алуу апараттары коюлуп, заманбап тейлөө кызматын көрсөтүү жүргүзүлөт.
Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий