“КООПСУЗДУК-2019” КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУ ИШ ЧАРАСЫ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

Бүгүн, 27-июнда Нарын шаарынын аймагында өтүп жаткан “Коопсуздук-2019” аталышындагы биргелешкен командалык- штабдык жана мобилизациялык машыгуу ийгиликтүү улантылды.

Иш чаранын алкагында 2025-Тайлак Баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн өзгөчө кырдаалдарга карата күжүрмөн даярдыгы көрсөтүлдү.

Ошондой эле аэропорт аймагында коопсуздук, укук коргоо органдары тарабынан чек арага кол салган мыйзамсыз куралчан түзүмдөрдү жок кылуу, террорчулар тарабынан туткундалып калган адамдарды бошотуу, душмандар койгон өрттү өчүрүү, атайын коюлган адам өмүрүнө коркунучтуу жардыргыч заттарды зыянсыздандыруу сыяктуу иш чаралары иштелип чыгып, практика жүзүндө көрсөтүлдү.

Мындан сырткары ушул эле аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүнүн жана Нарын шаардык мэриясынын биргелешкен аракети менен качкындарды кабыл алуучу жана аларга жардам көрсөтүүчү талаа шаарчасы уюштурулуп, качкындарга көмөк көрсөтүү иш чарасы практикаланды. Бул үчүн 21 чатыр тигилип, аларга медициналык, санитардык-эпидемиологиялык, энергетикалык, коммуналдык, психологиялык, ветеринардык, маданий, маалымат-агартуучулук жана башка пункттар жайгаштырылып, бардык жашоо-тиричиликке байланыштуу шарттар түзүлгөн.

Үч күнгө созулган машыгуу иш чарасы бүгүн түшкө маал аягына чыкты. Машыгууну жыйынтыктаган салтанаттуу жыйында иш-аракеттерге Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан жакшы баа берилип, активдүү катышуучулар сыйланды.

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий