КР Ѳкмɵт башчысы Т.Сариев жумушчу иш-сапар менен Нарын облусуна келди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.Сариев Нарын облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Ѳкмɵт башчысы ɵзүнүн Нарын облусуна болгон эки күндүк иш-сапарынын алкагында Сон-Кɵл жайлоосундагы малчылар менен жолугушуп, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун ремонту, Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин курулуш иштери, шаардын ички жолдорунда жүрүп жаткан оӊдоп-түздɵɵ иштери  менен жакындан таанышты.

Премьер-министрдин экинчи күнкү иш-сапары Нарын районунун Алыш айылында салынып жаткан орто мектептин имаратын кɵрүү, Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтин курулушу жана Нарын жылуулук берүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышуу менен улантылат.

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий