Нарын шаардык мэриясы 1-июнь –Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, Нарын шаарынын Роза Ѳмүрзакова, “Смарт Парк” жана “Алма-Бак” сейил бактарында саат 10-00 дон тартып майрамдык иш чаралар өтүлө тургандыгын маалымдайбыз.
Майрамда таланттуу балдардын концерти тартууланып, жомок, мультфильм көрсөтүлүп, асфальтка сүрөт тартуу сынагы өтөт.
Келип катышып, маанайыңыздарды көтөрүп, көңүл ачып кетиңиздер.