КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!

17-сентябрь Нарын шаарынын туулган күнүнө карата Нарын шаардык мэриясы тарабынан Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулууда.

Спорттун аралыкка чуркоо, аркан тартыш, кол күрөш жана чоюн көтөрүү түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

Ошондой эле “Тоо койнундагы шаар” темасында сүрөт көргөзмөгө Нарын шаары жөнүндө тартылган сүрөттөрдү коюуну сунуштайбыз. Мыкты деп тандалган сүрөттөрдү баалуу сыйлыктар күтөт.

Майрамдык иш чара 2016-жылдын 17-сентябрь күнү саат 10-00 дө башталат. Келип катышып, маанайыңыздарды көтөрүп кетиңиздер!

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий