Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!
Нарын шаарынын калктуу конуштарынын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, тазалоо, кɵрктɵндүрүү боюнча, Нарын шаардык мэриясы тарабынан, жарыяланган үч айлыктын алкагында, 2017-жылдын апрель, май жана июнь айларынын ар бир аптасынын жума жана ишемби күндɵрү жалпы шаардык ишембилик ɵткɵрүлүп турат.
Андыктан, баарыӊыздарды шаардын таза жана кɵрктүү болушуна кайдыгер карабастан, мекеме, ишканалардын имараттарынын, ɵз турак — үйүӊүздүн, соода-сатык жайларынын айланасын тазалап, короо — жайыӊыздарды ирээтке келтирип, арыктарды тазалоого активдүү катышып, шаарыбызды таза сактоого жигердүү салымыӊыздарды кошууга чакырабыз.
ТАЗАЛЫК ШААРЫБЫЗГА, ШААРЫБЫЗ БААРЫБЫЗГА!