“КЫЛЫМГА ТЕТЕ ӨМҮР”

10-сентябрда Нарын шаарындагы Ж. Коңурбаева атындагы борборлоштурулган китепканада мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Эл баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата “Кылымга тете өмүр” аталышындагы конференция өткөрүлдү.

Конференцияда “Эл үчүн жаралган инсан” аталышындагы китеп көргөзмөгө баяндама берилип, Турдакун Усубалиевдин ишмердүүлүгү, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу докладдар окулду.

Т. Усубалиевдин өмүр жолу тартылган “Тарыхты тактайлы” кино тасмасы көрсөтүлүп, замандаштары улуу инсанды эскеришти.

Share

Добавить комментарий