КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ А.АТАМБАЕВ НАРЫН ШААРЫНДА КӨП БАТИРЛҮҮ ҮЙДҮН КАПСУЛА САЛУУ АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-сентябрда жумушчу сапар менен Нарын шаарында болду.Жумушчу сапардын алкагында президент Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылып жаткан “Арзан турак жай 2015-2020-жылдары” программасы алкагында Нарын шаарында көп батирлүү үй курулуучу жерге капсула салуу аземине катышты.

КР Президенти Нарын шаарындагы кубанычтуу саамалык менен шаар тургундарын куттуктап, Нарын шаарынын өнүүгүсү үчүн өкмөт тарабынан көңүл бурулуп туруусу керек экендигин белгиледи. Ошондой эле президент ар бир үй бүлө үчүн турак жай маселеси биринчи орунда тургандыктан, бара-бара ипотекалык тамдардын салынышы көбөйүп, Нарын шаары облустун борбору катары жакшы жакка өзгөрүшүнө тилектештигин билдирип, жергиликтүү бизнесмендерди шаардын өсүп-өнүгүүсүнө өз салымдарын кошууга чакырып өттү. Мамлекеттик ипотекалык компания социалдык турак-жай боюнча ири долбоорун Нарын шаарынан баштап жаткандыгы, шаардын алдыга карай жылуусуна чоң кадамдардын бири деп президент өз сөзүндө баалады.

Капсула салуу салтанаттуу аземине президенттин кеңешчиси А.Абулгазиев, КРѲ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Б.Шамкеев жана шаар тургундары катышышты.
Белгилей кетсек, Нарын шаарында Совет доорунан бери көп кабаттуу турак үйлөр салынбай келген. Кыргыз Республикасынын «Арзан турак жай 2015-2020-жж.» программасынын негизинде курулуучу 5 кабатуу 30 квартиралуу 2 үй Москва аймагынан орун алат. Сметалык баасы 93,5 млн.сомду түзгөн көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулуш иштери “Минур” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылып, келишим боюнча курулуш иштери 2018-жылдын ноябрында аяктайт.

Маалымат үчүн айтсак, учурда Нарын шаарында КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Нарын шаарындагы кызматкерлерине, «Тайлак-Баатыр» № 20-25 чек ара кызматынын кызматкерлерине, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулуштары жүрүп жатат. Нарын шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө президент Нарын облусунун активи жана коомчулугу менен жолукту.

IMG_0671 IMG_0678 IMG_0682 IMG_0684 IMG_0694 IMG_0697 IMG_0698 IMG_0712 IMG_0726 IMG_0731 IMG_0740 IMG_0770 IMG_0782 IMG_0787 IMG_0798 IMG_0807 IMG_0813 IMG_0829 IMG_0836 IMG_0837

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий