«Кыш майрамы -2015»

Ишемби күнү, 20-декабрда Нарын шаарынын батыш чөлкөмүндөгү канат-бугилдик жолунда “Нарын кышы-2015” майрамдык иш чарасы өткөрүлүп, кышкы спорт оюндарынын сезону ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз-катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Кыш эрте келгендигине байланыштуу жыл жаӊыраар алдында ачылган  кыш майрамы, күндүн суугуна карабай шаар элине өзгөчө маанай тартуулап, Нарын шаардык мэриясы, шаардык спорт комитети жана облустук балдар, уландар спорт мектеби тарабынан уюштурулду.

Кыш майрамына арналган иш чараны шаар мэри Р.Адиев ачып, иш-чара жарыяланган «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына» арналып, эл арасында маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу аркылуу ынтымакты, биримдикти бекемдөө максатында ɵткɵрүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле Єкмєттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов,  куттуктоо сөзүн сүйлөп, шаар тургундарына кɵӊүлдүү маанай каалады.

Кезек спорттук оюндарга берилип, спорт мектебинин окуучулары үчүн тоо лыжасынын мелдештери, ал эми мекеме-ишканалардын кызматкерлери арасында “чана жарыш”, “аркан тартыш” сыяктуу кызыктуу оюндар өткөрүлдү.

Соӊунда жеӊүүчүлɵр мэрия тарабынан даярдалган баалуу белектер менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, кыш майрамдары ар жуманын эс алуу күндөрү жаз келгенге чейин улантыла бермекчи.

IMG_5523 IMG_5524 IMG_5526 IMG_5529 IMG_5539 IMG_5542 IMG_5548 IMG_5549 IMG_5552 IMG_5568

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий