КӨП БАЛАЛУУ ЭНЕЛЕР КӨПТӨН КҮТКӨН СЫЙЛЫКТАРЫН АЛЫШТЫ

Бүгүн, 14-июлда КР Президентинин 17-майындагы №88, 89 жарлыктарынын негизинде Нарын шаарынын кɵп балалуу энелери «Баатыр Эне» ордени жана «Эне Даӊкы» медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы  Э.Качкымбаева билдирет.

Иш-чара Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында шаар мэри Э.Алымкуловдун жана шаардык Кеӊештин тɵрагасы Ж.Ботокановдун катышуусунда болуп ɵттү. Шаар башчылары мамлекеттик сыйлык ээлерине жылуу тилектерин жолдошуп, маданият кызматкерлери тарабынан чакан программадагы концерт тартууланып, сыйлуу белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, Нарын шаары боюнча 357 баатыр энелер бар болсо, бүгүн алардын саны дагы он үчкө кɵбɵйсө, “Эне Даңкы” медаль алгандардын саны жетиге көбөйдү.

Маалымат үчүн айтсак, шаар боюнча эң улуу баатыр энелер 93 жаштагы Наалбүбү Жусманбетованы, 94 жаштагы Шарипа Кыдыкбаевалар болсо, эң жаш баатыр энелер 31 жаштагы Мукашова Салтанат, 34 жаштагы Роза Абдиева, 33 жаштагы Элмира Баймундузовалар болуп келет.

IMG_8941 IMG_8942 IMG_8950 IMG_8953 IMG_8959 IMG_8965 IMG_8966 IMG_8971 IMG_8975 IMG_8976 IMG_8977 IMG_8994 IMG_9010 IMG_9012

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий