КӨП КАБАТТУУ ТУРАК ЖАЙЛАРДЫН СЫРТКЫ КӨРҮНҮШҮ ОҢДОЛОТ

 

Нарын шаарындагы айрым көп кабаттуу турак жайлардын  сырткы көрүнүшү (фасады) жакшыртылат. Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров    Ленин көчөсүндөгү  71,75 А, 102, 104- көп кабаттуу турак жайлардын жашоочулары менен жолугушуп үйлөрдүн сыртын оңдоону талкуулашты.

Шаар башчысы этаж үйлөрдүн сырты көп жылдан бери каралбай тургандыгын белгилөө менен  фасадын заманбап типте жазалгалоону сунуштады. Бул  үчүн жашоочулар каражат топтоолору зарыл экендигин айтып,  шаардык мэрия да колдоо көрсөтөөрүн белгиледи. Жолугушууда идея  жашоочулар тарабынан колдоо таап,  ишке ашыруу аракетин көрүү сүйлөшүлдү.

Шаар башчысынын тургундар менен жолугушуусунда  жылуулук, таза –суу системаларына жана башка маселер боюнча суроолоруна жооп ала алышты.

 

 

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий