Мамлекет үй-бүлɵдɵн куралат

Нарын шаарынын жаштар ордосунда 18-ноябрда Нарын шаардык мэриясы жана Нарын облустук эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Жаш үй-бүлө» кароо-сынагынын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Кароо-сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки 5 түгөй катышты. «Сынактын максаты — жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, үй-бүлөнү сактоодо, бекемдөөдө салымы бар каада-салттарды пропагандалоо болуп эсептелет».

Кароо-сынак төрт этаптан туруп, катышуучулар берилген тапшырмаларды дыкаттык менен аткарууга аракеттерин кɵрүштү.

Ар бир тапшырманын аткарылышы калыстар тобу тарабынан 5ке чейинки  бааларды берип, жыйынтыгында «Жаш үй-бүлө» сынагынын жеңүүчүсү болуп Уран Иманалиев менен жубайы Жазгүл Абдраимова табылды. Экинчи орунга Айтбек Качкынбаевдин үй-бүлөсү татыса, үчүнчү орунду Улан Канатбеков менен Канат Досалиевдин үй-бүлөсү ээледи.

Мындан сырткары, сынакка катышкан Бактияр Кубанычбек уулунун үй-бүлөсү төртүнчү орүндү камсыздады. Орун алгындарга турмуш-тиричилик буюмдары тапшырылды.

Белгилей кетсек, кароо-сынакта Нарын шаарынын вице-мэри С. Эсенаманова калыстар тобунун тɵрайымы болуп катышты.

Ал эми бул кароо-сынакты уюштурууга жалпы 80 миң сом каражат сарпталды.

IMG_6523 IMG_6526 IMG_6528 IMG_6529 IMG_6531 IMG_6532 IMG_6535 IMG_6537 IMG_6538 IMG_6540 IMG_6542 IMG_6543 IMG_6546 IMG_6547 IMG_6549 IMG_6550 IMG_6553 IMG_6558 IMG_6559 IMG_6561 IMG_6562 IMG_6565 IMG_6570 IMG_6571 IMG_6572 IMG_6573 IMG_6576

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий