Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн 3-июлда, М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-академиялык драма театрында КР медицина кызматкерлеринин күнү  салтанаттуу белгиленди.

Иш чаранын башында медицина жаатындагы айрым жетишкендиктерди чагылдырган чакан видео тасма кɵрсɵтүлдү.

Салтанатка Ѳкмɵттүн облустагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү А.Кайыпов, Нарын шаарынын 1-вице-мэри А.Суранов, шаардык Кеӊештин тɵрагасы Э.Турсуналиев, район жетекчилиги жана облустун ар тарабынан келген медициналык кызматкерлер катышышты.

Ошондой эле айрым медицина кызматкерлери калктын саламаттыгын сактоодогу үзүрлүү эмгеги үчүн жана кесиптик майрамдын урматына карата Ардак грамота менен жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Ал эми  майрам концерттик программа менен коштолду.

2 1

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий