Мектеп окуучулары арасында тазалык эстафетасы старт алды

Нарын шаарында «Тазалык – шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга» деген аталыштагы акция өткөрүлдү. Бул тууралуу  мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган “Ачык эшиктер күнүнүн” журүшүндө мектеп парламенттери тарабынан, тазалык эстафетасын уюштуруу сунушу айтылып, сунуш бардык катышуучулар тарабынан колдоого татыган. Демилгени биринчилерден болуп шаарыбыздагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин окуучулары бүгүн 1-апрелде баштап беришти.

Мындай пайдалуу демилгени көтөрүп жаткан окуучуларга шаардын 1-вице-мэри А.Суранов ыраазычылыгын билдирип, өзү баштап акцияга катышып берди.

Колуна чоң көк-кара баштык көтөргөн ыктыярчылар городок аймагында жайгашкан көп кабаттуу турак-үйлөрдүн айланасын тазалап, таштандыларды чогултуп, жашоочуларга “Шаарды таза кармоо-ар бирибиздин милдетибиз” деген чакырыктар чапталган ар түрдүү шарларды таратып, элди тазалоо иштерине  кошулуусун үндөп жатышты. Бирок тилекке каршы көп кабаттуу үйлөрдүн бир да жашоочусу сыртка баш багып, бул акцияны колдоорун билдиришкен жок.

Тазалык акциясынын сонунда баштыктарга чогултулган таштандылар белгиленген жерге үйүлүп, көп узабай “Таза-Нарын” ишканасынын кызматкерлери тарабынан чыгарылып кетти.

Ал эми тазалык эстафетасы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинин окуучуларына өткөрүлүп берилип, алар да өз кезегинде бул акцияны татыктуу уюштуруп өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

IMG_3230

IMG_3158 IMG_3161 IMG_3166 IMG_3172 IMG_3181 IMG_3184 IMG_3188 IMG_3194 IMG_3198 IMG_3203 IMG_3204 IMG_3205 IMG_3213 IMG_3214 IMG_3221 IMG_3222 IMG_3223 IMG_3224

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий