Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине арналып жасалган долбоорлордун бири 64 аймагындагы Т. Пудовкин атындагы сейил багы болчу.
Сейил бактагы кымыз саткан жерге күйгɵн жүрɵк менен кошо жазылган «Менин Нарыным» жазуусу орнотулганы кɵпчүлүктүн кɵз кубанычын арттырып, жаштар сүйгɵн жайга айланып калды.
Мындан сырткары бул жерге карагайлар тигилип, темир тосмо менен тосулуп, отургучтар коюлуп, брусчатка тɵшɵлүп, айтор, эс алууга ыӊгайлуу шарт түзүлүп берилди.
Буюрса 21-сентябрда сейил бактын салтанаттуу ачылыш аземи болуп, элге белек кылынмакчы.
Бул ишке жергиликтүү бюджеттен 1 миллион 760 миӊ сом каражат бɵлүнүп, курулуш ишин «Эр Улан» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзгɵн.