МЭРГЕ КАТ

Нарын шаарындагы №2-В.П.Чкалов атындагы орто мектептин 1-классынын окуучусу Умар Тазабеков жаӊы жылдын алдында мэрге кат жазып, шахмат ийримине бараарын жана шахмат оюнчугун белекке алууну кыялданып жатканын билдирген.

Бүгүн Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Умардын кыялын орундатып, шахмат оюнчугун жана таттуу белектерди тапшырды. Келечекте Кыргызстандын желегин желбиреткен шахматчылардын болуусун тилек кылып, Умарга ийгилик каалады.

Апасынын айтымында Умар буга чейин Аяз Атага ишенчү. Быйыл эс кирип калгандыктан Президентке кат жазууну кыялданган. Бирок ата-энесинин кеӊеши менен ɵзүбүздүн шаар жетекчисине кат жазган.

Мындай кат Нарын шаарынын мэрине биринчи ирет жазылган.

Share

Добавить комментарий