Мэрдин балаты майрамы

Бүгүн Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов  шаардагы бөбөктөр үчүн балаты майрамын өткөрдү.

Жаңы жылды утурлай балдарга жагымдуу маанай тартуулоо максатында уюштурулган бул иш чарага шаардын орто мектептериндеги мыкты окуган жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылды.

Иш чара шаардагы Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинде өткөрүлүп, жаңы жылдык ыр-бийлер жана М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган “кышкы жомок” оюн-зоок программасы менен коштолду.

Балаты майрамында шаар мэри балдарга аталык аруу тилегин арнап, келечекте ыймандуу. билимдүү инсандардан болууларына тилектештигин билдирди. Ошондой эле майрамдык иш чарага чакырылган 150 баланын ар бирине 500 сомдук таттуулар толтурулган белектерди жана оюнчуктарды  тапшырды.

Белек алгандардын арасында Нарын шаарында отурукташып жашап жаткан памирлик үй-бүлөнүн балдары да бар.

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.

IMG_5278_result IMG_5292_result IMG_5326_result IMG_5332_result IMG_5378_result IMG_5400_result IMG_5422_result IMG_5475_result IMG_5488_result

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий