Бекитем
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
________________ А.Кайыпов
“_____” _____________ 2016-ж.
«2013-2017-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын» негизинде түзүлгөн
Нарын шаарынын 2013-2017-жылдардын өнүгүү стратегиясында жана 2014-2017-жылдары Нарын шаарын өнүктүрүүнүн «Жол картасында» каралган милдеттерди Нарын шаарында аткарууга жетишүү боюнча
Иш-аракеттеринин планы
№ | Милдеттер | Көрүлүүчү чаралар | Күтүлгөн жыйынтык | Аткаруу мөөнөтү | Эскертүү |
Экономика жана финансы тармагы боюнча | |||||
1 | Нарын шаарынын финансылык көз карандысыздыгын жогорулатуу | — 2016-жылы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 5% жогорулатуу боюнча иш алып баруу;
— жергиликтүү бюджетин эффективдүү пайдаланышын камсыз кылуу. |
— 2016-жылы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү жогорулайт;
— жергиликтүү бюджет эффективдүү, туура жана натыйжалуу пайдаланылат. |
Декабрь 2016
Декабрь 2016 |
КР 2013-2017-жылдарга Улуттук туруктуу өнүктүрүү стратегиясы, Нарын шаарынын өнүгүү стратегиясы жана Жол картасы |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-августундагы № 469 «КР социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомунда белгиленген көрсөткүчтөрдү аткаруу | — өнөр жай продукцияны өндүрүүнүн өлчөмүн же физикалык индекстин көлөмүн өткөн жылга карата 2 пайызга жогорулатуу;
— 10 кичи ишкана ачууга жетишүү менен 50 жумушчу орундарын түзүү, жумушсуздардын санын азайтуу.
|
-өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү көбөйөт;
— Шаар тургундары жумуш орундары менен камсыз болуп, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр жогорулайт. |
Декабрь 2016
Декабрь 2016 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-август№ 469 «КР социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» токтому. |
3 | Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү чараларын көрүү | — Муниципалдык менчикке тиешелүү жерлерди жана обүектилерди толук инвентаризациядан өткөрүү;
— муниципалдык менчикке тиешелүү болгон жарнамалык такталарды ижарага берүү.
— жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктардын жана жыйымдардын планын 2 пайызга ашыкча көтөрүү. |
— Муниципалдык менчикке тиешелүү жерлер жана обүектилер такталат;
— жерлерди сатуудан жана жер, обүектилерди ижарага берүүдөн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү жогорулайт;
— жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү жогорулайт;
— жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү жогорулайт. |
2016-жылын 1-мартына чейин
Декабрь 2016
Декабрь 2016
Декабрь 2016
|
|
Курулуучу обьектилер жана курулуш иштери | |||||
4 | Нарын шаарында курулуш иштерин жүргүзүү | — Нарын шаарынын генералдык планын иштеп чыгып, бекиттирүү;
— Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштери башталат;
— Муз тебүүчү комплекстин курулуш иштерин бүткөрүү чараларын көрүү;
-Борбордук Азия университетинин окуу корпустарынын курулуштарын бүткөрүү жана студенттерди кабыл алып окутуп баштоо чараларын көрүү;
— Шаардын борбордук бөлүгүнө мини-футболдук талаача куруу боюнча жерин аныктап шаардык Кеңешке сунуштоо;
-Шаардын Жаңы-жол аймагынын Боогачы көчөсүнө жана РТС аймагына көмүр отун базаларын куруу ;
— Шаардын РТС аймагына «Ак-Дил» балдар бакчасынын жаңы имаратынын курулушун бүткөрүү;
-№9жана №10 орто мектептеринин жаңы типтүү заманбап имараттарын куруу үчүн жерлерин бөлдүрүү боюнча иш жүргүзүү;
-Шаардын Московский чөлкөмүнө 1 көп кабатуу ипотекалык арзан турак-жайдын курулушун баштатуу боюнча иш жүргүзүү;
— С.Бекмамбетов атындагы олимпиадалык спорт мектебинин имаратын куруу боюнча долборлоо сметалык документтерин бүткөрүү жана курулуш иштерин баштатуу аракеттерин көрүү;
— шаардагы 5 аялдаманы реконструкциялоо иштерин жүргүзүү;
— Нарын шаарынын кире беришине арка орнотуу жана айланасын көрктөндүрүү боюнча жер маселесин чечүү;
— шаардагы 3 көп кабаттуу турак-жайлардын чатырларын алмаштыруу аракеттерин көрүү. |
— шаардын өсүп-өнүгүшүнүн багыттары аныкталат;
— сапаттуу кесиптик билим берүүгө ыңгайлуу шарт түзүлөт;
— спорттун кышкы түрлөрүнүн өнүгүшүнө жана шаардын элинин эс алуусуна ыңгайлуу шарт түзүлөт;
— шаардын жалпы социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөт;
— шаардын элинин эс алуусуна шарт түзүлүп, сергек жашоого чакырат;
— шаардын элине арзан ,сапатуу , көмүр отун сатып алууга алууга ыңгайлуу шарт түзүлөт;
— балдар бакчага тартылбай калган балдардын саны азайуу менен кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулайт;
— билим берүү сапаты жогорулап, окуучуларга ысык тамак берилиши жана денетарбия- сабактарынын толук кандуу өтүшү камсыздалат
-бюджеттик мекемелерде иштегендердин, аз камыз болгон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын муктаждыгы чечилет;
-машыктыруучу жана машыгуучуларга ыңгайлуу шарттар түзүлөт;
— шаардын көркүнө көрк кошулуп, коомдук унаа күтүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүлөт;
— Шаардын негизги кире беришинин инфратүзүмү түзүлөт;
— көп кабаттуу турка-жайларда жашаган тургундардын жашоо шарттарын жакшыртууга кам көрүлөт. |
Декабрь 2016
Декабрь 2016.
Ноябрь 2016.
Сентябрь 2016.
Сентябрь 2016
Декабрь 2016
Декабрь 2016
Декабрь 2016
Декабрь 2016
Сентябрь 2016
Сентябрь 2016
Декабрь 2016
Ноябрь 2016
|
|
Транспорт жана жол тармагы | |||||
5 | Нарын шаарынын ички жолдорунун техникалык абалын жакшыртуу | — Нарын шаарынын ички жолдорун (узун жана туура көчөлөрүн) асфальттоо боюнча сунуш берүү;
— «Эки Илбирстен» Нарын шаарынын кире беришине чейинки 5 чакырым аралык жолду жана «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолунун Нарын шаарынан өтүүчү бөлүгүн асфалтоого сунуш берүү;
— шаардын асфальт басылбаган 10 км жолдоруна балласт төгүү жана грейдер менен түздөө иштерин жүргүзүү;
— жол жээгине төгүлгөн курулуш материалдарын алдыруу иштерин жүргүзүү;
— жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча коомдук жана жеке транспорт кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу менен салыктык базаны көбөйтүү, транспорт салыктарын ашыгы менен аткаруу чараларын көрүү. |
— Нарын шаарынын ички жолдорунун техникалык абалдары жакшырат, унаа каттамдары жана алардын тейлөө сапаттары жогорулайт;
— Нарын шаарынын ички жолдорунун техникалык абалдары жакшырат, унаа каттамдары жана алардын тейлөө сапаттары жогорулайт;
— Нарын шаарынын ички жолдорунун техникалык абалдары жакшырат, унаа каттамдары жана алардын тейлөө сапаттары жогорулайт;
— ички жолдор кеңейет, көркүнө чыгат жана жол коопсуздугуна жакшы шарт түзүлөт;
— калкты тейлөө сапаты жана салыктык база жогорулайт.
|
2016-жылдын сентябрь айына чейин
2016-жылдын сентябрь айына чейин
2016-жылдын жаз жана күз айларында
2016-жылдын май айында
Декабрь 2016 |
|
Чакан ишканалар | |||||
6 | Кеминде 10 кичи ишканаларды ачуу | — муниципалдык жана жеке менчик чакан жана орто бизнес жүргүзүүчү ишканаларды ачууга көмөк көрсөтүү чараларын көрүү;
— 1 муниципалдык теплица ачуу аракеттерин көрүү;
— пескоблок жана брусчатка чыгаруу боюнча муниципалдык ишкананы кеңейтүү чараларын көрүү. -Ветклиника ачуу жөнүндө жерин чечүү боюнча иш аракеттерди көрүү |
— кошумча жумуш ордулары ачуу менен шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшү камсыздалат;
— шаардын эли арзан баадагы жер-жемиштер менен камсыз болот;
— шаардын тротуарларына брусчатка төшөө иштери улантылып, тургундар арзан баадагы продукциялар менен камсыз болот.- |
Декабрь 2016
Май 2016
Май 2016
2016-ж |
|
Калкты таза суу менен камсыз кылуу | |||||
7 | Калкты таза суу менен камсыз кылуу чараларын көрүү | — ЕБРРдин долбооруна ылайык Нарын шаардык суу-канал ишканасына жаңы имарат жана атайын техника үчүн бокс жана гараждарды куруу иштерин баштоо;
— мекеменин материалдык-техникалык абалын чыңдоо үчүн атайын техникаларды алуу;
— Ыплас сууларды тазалоочу жайды реконструкциялоо иштерин баштатуу;
— «Ак-Бечел» башкы суу алуучу жайынын реконструкциялоо иштеринин 2-этабын баштатуу чараларын көрүү;
— «Ак-Бечел», «Батыш», «Шаркыратма» суу алуучу жайлардын баштарына видеокөзөмөл жүргүзүү системасын орнотуу жана ИИМдин күзөт кызматынын кайтаруусуна өткөрүү;
— Ж.Шералиев атындагы көчөсүнүн алдындагы суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча ПСДсын даярдатуу менен аталган иштерди баштатуу чараларын көрүү;
— шаардагы 5 өрт өчүрүүчү гидранттарды капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жаңыртуу чараларын көрүү;
— 2 жаңы скважиналарды куруу жана тазалоо иштерин жүргүзүү: — Москоский чөлкөмү- Баласагын көчөсү -Акималиев паркы
— таза суу алуучу абоненттердин санын тактоо менен дебитордук карыздарды азайтуу жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жетишүү. |
— шаардык суу-канал ишканасынын инфраструктурасынын жакшырышы менен калкты тейлөө сапаты жогорулайт;
— калкты тейлөө сапаты жогорулайт;
— ыплас сууларды тазалоочу жай толук кандуу иштеши камсыз болуп, ири экологиялык маселе чечилет;
— калкты таза суу менен камсыз кылуу сапаты жогорулайт;
— шаардын элинин коопсуздугу камсыздалат.
— суу түтүктөрү жаңырып, калкты таза суу менен камсыз кылуу сапаты жогорулайт;
— шаардагы обьектилердин жана элинин өрт коопсуздугу камсыздалат;
— шаардын эли таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылынат;
— абоненттердин так саны аныкталып, дебитордук карыздар азайып, калкты таза суу менен камсыз кылуу сапаты жогорулайт;
|
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Сентябрь 2016
Сентябрь 2016
Март 2016
Сентябрь 2016
Сентябрь 2016
Сентябрь 2016
Июль 2016
|
|
Шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери | |||||
8 | Шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чараларын көрүү | — кеминде 2 чакырым шаардын тротуарларын капиталдык ремонттон өткөрүү;
— 5 көп кабаттуу турак-жайлардын сырттарын акилөө жана дюралайт менен кооздоо жумуштарын жүргүзүү;
— шаардын санитардык тазалыгын камсыз кылуу чараларын көрүү, ишембиликтерди уюштуруп, өткөрүү;
— шаардын «Ак-Коргон» аймагына парк уюштуруу;
— шаардагы 2 парк жана 2 сквердин айланаларын тосуу, инфратүзүмдөрүн жакшыртуу: — Жаштар паркы — С.Жакыпов паркы — Городок аймагындагы сквер — Мазар -Булак сквери
— шаардагы арыктарды (кеминде 5 чакырым) жана суу өткөөлдөрүн тазалоо (кеминде 20 даана), суу латокторун (кеминде 1 чакырым) жаткыруу иштерин жүргүзүү;
— шаардын мерчемдүү жерлерине түрдүү бак-дарактардын (кеминде 5000 даана) жана гүл өсүмдүктөрүнүн (кеминде 3 түрүнүн) көчөттөрүн отургузуу, коруу, сугаруу жана жогорку өнүмдүүлүгүн (80%) камсыз кылуу чараларын көрүү;
— «Б.Жапаралиев» атындагы паркка 130 баштуу боз үй орнотуу;
— «Таза Нарын» жана жашылдандыруу мекемелеринин имараттарын учурдук оңдоо иштеринен өткөрүү;
— «Таза Нарын» ишканасына жана жашылдандыруу мекемесине кеминде 3 атайын техникаларды алуу аракеттерин көрүү;
— «Таза Нарын» ишканасына жумушчулар жуунганга мончо жана атайын техникаларды токтотууга бокс жана гараждарды куруу. |
— тротуарлардын абалы жана шаардын инфраструктурасы жакшырат;
— көп кабатуу турак-жайлардын жана шаардын көркү жакшырат;
— шаардын санитардык абалы жакшырат;
— шаардын четки аймагынын инфратүзүмү жакшыруу менен элинин эс алуусуна шарт түзүлөт;
— бак-дарактар жана башка өсүмдүктөр малдардан корулуп, парктардын инфратүзүмү жакшырат;
— бак-дарактардын сугарылышына жана өсүп-өнүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөт;
— шаардын инфратүзүмү жана экологиялык абалы жакшырат;
— шаардын четки аймагынын элинин эс алуусуна ыңгайлуу шарт түзүлөт;
— иштөөгө ыңгайлуу шарт түзүлүп, калкты тейлөө кызматынын сапаты жогорулайт;
— калкка акы алып кызмат көрсөтүү сапаты жогорулайт;
— жумушчуларга ыңгайлуу шарт түзүлүп, атайын техникалардын техникалык абалы оң турууга өбөлгө түзүлөт. |
Ноябрь 2016
Сентябрь 2016
Май-июнь 2016
Май 2016
Май 2016
Май 2016
Май 2016
Сентябрь 2016
Сентябрь 2016
Декабрь 2016
Октябрь 2016 |
|
Энергетика жана жылуулук берүү тармагы | |||||
9 | Шаардын обүектилерин жана элин үзгүлтүксүз электрэнергия менен камсыз кылуу | — жаңы конуштарга 2 даана трансформаторлорду орнотуу, 20 эски траснформаторлорду оңдоо иштерин жүргүзүү;
— 1 чакырым жаңы линияларды куруу жана 20 чакырым эски линияларды оңдоо иштери жүргүзүү;
— бөлүнүп берилген лимиттерди так сактоо боюнча иштерди жүргүзүү;
— дебитордук карыздарды өндүрүү боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүү. |
— шаардын обьектилери жана эли үзгүлтүксүз электрэнергия менен камсыз болот;
— шаардын обьектилери жана эли үзгүлтүксүз электрэнергия менен камсыз болот;
— суук мезгилде электрэнергияга чектөөлөрдү киргизтирбөөгө негиз болот;
Ишкананын финансылык абалы жакшырат; |
Декабрь 2016
Декабрь 2016
Декабрь 2016
Декабрь 2016 |
|
Шаардын обүектилерин жана элин талаптагыдай жылуулук менен камсыз кылуу | — кеминде 1,0 чакырым жылуулук берүү трассаларын сапаттуу оңдоо иштеринен өткөрүү;
— макулдашуу менен 3 көп кабаттуу турак-жайларды жылуулук берүү системасына кошуу; — №9 мектепти жылуулугун көмүр отунуна өткөрүү боюнча иш алып баруу; — керектүү өлчөмдөгү көмүрдү өз убагында тартып келүү. |
— обьектилер жана эл талаптагыдай жылуулук менен камсыз болот;
— турак-жайлардын тургундарынын чыгымдарын азайтууга шарт түзүлөт; — электр энергиясы жана керектүү чыгымдар азайат;
— жылуулукту өз убагында жана үзүгүлтүксүз берүү жетишилет. |
Октябрь 2016
Октябрь 2016
Октябрь 2016 |
||
Билим берүү тармагы | |||||
10 | Шаардагы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу | — шаар боюнча 8 орто мектептин 40 мугалимин жана 6 балдар бакчаларынын 12 тарбиячысын билимин жогорулатуу курстардан өткөрүү;
— бардык билим жана тарбия берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу (курулуш, капиталдык жана учурдук оңдоодон өткөрүү, эмеректер, оргтехникалар, Интернет байланышы жана окуу китептери менен камсыз болушун) чараларын көрүү;
— — шаардагы орто мектептерде жана балдар бакчаларда ысык тамактын берилиши, окуучулардын сабактарга катышуусужана билим берүүнүн сапатын 55% чейин жогорулатуу боюнча иштерди алып баруу
-орто мектептерди жана балдар бакчаларын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн долбоорлорду даярдап, дем берүүчү грантка сунуштоо
-50 орундуу балдар бакчасын куруу; |
— билим жана тарбия берүүнүн сапаты жогорулап, жаңы инновациялык ыкмаларды колдонууга шарттар түзүлөт;
— билим жана тарбия берүү мекемелеринин жалпы иштерине, билим, тарбия берүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, көрсөткүчтөр жогорулайт;
— окуучулардын сабакка толук катышуусу жана ысык тамактын сапаттуу берилиши менен билим деңгээлинин жогорулашына шарт түзүлөт.
-мектептерде жана балдар бакчаларын сапаттуу ремонттон өткөрүүгө шарт түзүлөт. |
Сентябрь 2016
Декабрь 2016
Сентябрь 2016
Сентябрь 2016
Март-сентябрь 2016 |
|
Саламаттыкты сактоо тармагы | |||||
11 | Медико-санитардык жардамдын жана медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу | — шаарга жетишпеген профилдеги 3 дарыгер тартуу жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү;
-саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулуш жана оңдоо иштерин жүргүзүү;
— неврология бөлүмүнүн курулуш иштерин аягына чыгаруу, ишке киргизүү;
— бейтапканаларды керектүү медициналык жабдыктар менен камсыз кылуу жана жашыртуу; — тез жардам автоунаасын алуу боюнча аракеттерди көрүү;
— — Медициналык персоналдын (10%) билимин жогорулатуу;
— «Ден соолук» программасынын негизги багыттары боюнча иш алып баруу (Кургак учук менен ооругангдарга жер.бюджеттен 80,0 миң сом акча каражатын кароо)
— медициналык окуу жайдын педагогикалык курамынын билимин (10%) жана билим берүү деңгээлин көтөрүү боюнча курстардан өткөрүү — Ага Хан фондусу аркылуу диагностикалык борборду ачуу боюнча иш алып баруу
|
— калкка медициналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жакшырышы;
— иштегендерге жана бейтаптарга ыңгайлуу шарттар түзүлөт;
Облустун жана шаар элинин саламаттыгын сактоодо заманбап медициналык аппараттар менен дарылоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
— калкты медициналык жактан тейлөө сапаты жогорулайт;
калкты медициналык жактан тейлөө сапаты жогорулайт;
Калкка медициналык тейлөө ишинин үзгүлтүксүз жана сапаттуу жүрүшү, балдардын, энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрүнүн кыскарышы, улгайган адамдардын кан басымы, жүрөк ж.б. ооруларын кыскартууга жана көзөмөл жүргүзүүгө негиз болот;
— билим берүүнүн сапатынын жогорулашы менен регионубуз кесипкөй медициналык кадрлар менен толукталат.
Калкты медициналык жактан сапаттуу тейлөө |
Сентябрь 2016
Декабрь 2016
Апрель 2016
Декабрь 2016
Декабрь 2016
Сентябрь 2016
Декабрь 2016
Декабрь 2016
Сентябрь 2016-ж.
|
|
Калкты социалдык жактан коргоо | |||||
12 | Калкты социалдык жактан корголушун жана камсыздалышын жогорулатуу | — Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын имаратынын ички, сырткы оңдоо, материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштерин жүргүзүү;
— аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын санын жана даректүүлүгүн тактоо, база түзүү, жөлөкпулдардын чектелишине жана төлөнүшүнө көзөмөлдүктү күчөтүү;
— аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана калктын башка аярлуу катмарларына даректүү жардам көрсөтүүнү уюштуруу (жергиликтүү бюджет жана демөөрчүлөрдүн эсебинен). |
— жумушчуларга ыңгайлуу шарттар түзүлүп, калкты тейлөө сапаты жакшырат;
— саны такталып, базасы түзүлүп, даректүү жардам көрсөтүлөт;
— калктын аярлуу катмарларына көңүл бурулуп, оор турмуштук кырдаалды басаңдатууга өбөлгө болот. |
Декабрь 2016
Сентябрь 2016
Декабрь 2016 |
|
Маданият, спорт жана туризм тармактары | |||||
13 | Шаардын маданият тармагын көтөрүү | — Шаардык маданият бөлүмүн кесипкөй кадрлар менен толуктоо
— «2016 – Тарых жана маданият жылына» карата шаардык мекеме, ишканалардын эмгек жамааттарынын жана коомчулуктун кеңири катышуусу менен ири маданий-массалык иш-чараларды (Ыр кесе, Кош жылдыз ж.б.у.с.) уюштуруп өткөрүү. |
— шаардагы маданий-массалык иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлөт;
— шаарыбыздын тургундарына чоң программадагы иш-чара тартууланып, маданиятка болгон кызыгуусу күчөйт.
|
Сентябрь 2016
Декабрь 2016
|
|
Китепканалардын ишин жандандыруу | — Ж.Коңурбаева атындагы китепкананын жана анын филиалдарынын имараттарынын оңдоо иштерин жүргүзүү, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, Интернет байланышына кошулуу жана китеп фонддорун 5% көбөйтүү аракеттерин көрүү. | — калкты тейлөө сапаты жогорулап, шаардын тургундарынын китепканага барып, маалымат алууга кызыгуулары жанданат. | Сентябрь 2016 | ||
Спорттун массалуулугун жана спортту көрсөткүчтөрдү жогорулатуу | — мектеп окуучуларынын, шаардык мекеме, ишканалардын эмгек жамааттарынын жана калктын кеңири катмарынын катышуусу менен спорттун ар түрү боюнча мелдештерди байма-бай өткөрүү менен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдыруу чараларын көрүү;
— спорттун түрлөрү боюнча секциялардын иштерин жандандыруу, мыкты спортчуларды облустук, республикалык жана Эл аралык мелдештерге катыштыруу аракеттерин көрүү. — 2016-жылдын май айында өткөрүлүүчү окуучулар арасындагы республикалык Спартакидага даярдыктарды көрүү |
— шаардын калкынын сергек жашоого кызыгуулары артып, спорттук жеңиштерге бай жана дени сак региондордун катарына кирүүгө өбөлгө түзүлөт;
—
Республикалык спартакиаданы жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү |
Декабрь 2016
Декабрь 2016
Май 2016 |
||
Туризмди өнүктүрүү чараларын көрүү | — Региондун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен шаардын брендин иштеп чыгуу чараларын көрүү;
— Шаар тууралуу видеоролик тарттырып, тийиштүү сайттрга жайгаштыруу аракеттерин көрүү;
-Шаардагы тейлөө борборлорунун тейлөө сапаттарын жакшыртуу боюнча ишкерлер менен биргелешкен иш аракеттерди көрүү. кышкы туризмди өнүктүрүү: Заманбап курулуп жаткан муз аянтчасынын курулуш иштерине аягына чыгаруу, ачылыш аземине даярдыктарды көрүү; -канат бугилдик жолун толук ремонттон өткөрүү;
|
— Бренд жана видеоролик аркылуу регионду чет жактарга кеңири таанытууга шарт түзүлөт;
— Сапаттуу тейлөө көрсөтүү менен туристтердин кызыгуулары артат.
— Кыш узакка созулган тоолуу жергебиздин калкын сергек жашоого үндөө |
Октябрь 2016
Май 2016
Декабрь 2016
Кыш айлары |
||
Коомдук коопсуздук жана укуктук тартип | |||||
14 | — 2 даана заманбап светофорлорду коюу чараларын көрүү;
— шаардын жолдоруна тийиштүү жол белгилерин орнотуу (кеминде 50 даана) жана 5 жердеги зебраларды жашыртып чийүү;
— түнкү жарык берүүчү фонарларды коюу (кеминде 50 даана) жана эскилерин жаңыртуу иштерин жүргүзүү;
— шаардын мерчемдүү 3 жерине видеокөзөмөл жүргүзүүчү аппаратураларды коюу;
— шаардагы 2 орто мектептке жана 1 балдар бакчасына видеокөзөмөл жүргүзүүчү аппаратураларды коюу аракеттерин көрүү;
— жаш өспүрүмдөргө карата ырайымсыз мамилелердин, зомбулуктун алдын алуу жана орто мектептерде рэкет, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү;
— КРӨнүн 30.03.2015-жылдагы «2015-2017-жылдарга КРда Коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча» №170 токтомун аткаруу боюнча иш-чараларды көрүү ; -2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке шыруу максатында тиешелүү иш-чараларды көрүү; |
— айдоочулардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугу камсыз болот;
— айдоочулардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугу камсыз болот;
— шаардын калкынын түнкү убакыттагы коопсуздугу камсыз кылынат;
— шаардын калкынын коопсуздугу камсыз кылынып, кылмыштардын бетинин ачылышына өбөлгө болот;
— мектептерде болуп жаткан терс көрүнүштөргө бөгөт коюуга шарттар түзүлөт;
— жаш өспүрүмдөргө карата терс көрүнүштөр жана кылмыштуулктун саны азайат.
-Коррупцияны азайтууга шарт түзүлөт
-Шаардын аймагындагы мечиттерди каттоодон өткөрүү |
Сентябрь 2016
Сентябрь 2016
Сентябрь 2016
Май 2016
Май 2016
Декабрь 2016
Декабрь 2016
Декабрь 2016 |
||
Өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу | |||||
15 | Өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу | — сел агындарынан сактоочу каналдардын тазаланышын камсыз кылуу (3 жеринен);
— Жарандык коргонуунун штабдык машыгууларын уюштуруп, өткөрүү;
«Жашыл долбоор»иш чарасынын алкагында шаардын городок аймагындагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн күн батыш тарабына 1116 чарчы метр аянтка сквер куруу иштери пландалууда; |
суу келүүчү коктулардын жана каналдын жээгинде жайгашкан турак-жайлардын жана анын тургундарынын коопсуздугу камсыз болот
Жарандык коргоонуу кызматтарынын жана шаардын элинин өзгөчө кырдаалдарды алдын-алууга даярдыктары камсыздалат Шаардын элин маданияттуу эс алуусуна шарт түзүлөт |
Май 2016
Сентябрь 2016
Май 2015 |
|
Экология | |||||
16 | Шаардын экологиялык абалын жакшыртуу чараларын көрүү | — «Карга-Жайлоо» таштанды төгүүчү жайды рекультивациялоо;
— шаардын таштанды төгүүчү жайларын таштанды салуучу контейнерлер (кеминде 30 даана) менен камсыздоо;
— шаардын МДС-ЖБИ аймагындагы көрүстөндүн айланасын тосуу чараларын көрүү;
|
— шаардын экологиялык абалы жакшырат
— шаардын экологиялык абалы жакшырат
— экологиялык жана санитардык нормалар сакталат |
Октябрь 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016 |
|
Даталуу күндөр жана иш-чаралар | |||||
17 | Шаарда даталуу күндөрдү белгилөө, жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү |
— Нооруз майрамы
— Көчмөндөр оюну — Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы
— Тайлак Баатырдын 220 жылдыгы
-Үркүн окуясынын 100 жылдыгы |
21/03/2016
Сентябрь 2 016 Август 2016 2016-жыл
2016-жыл |
Нарын шаарынын мэри Р.Адиев