Мэр Р.Адиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Уолтнини кабыл алды

Бүгүн,  9-июнда  Нарын  шаарынын  мэри  Р.Адиев, Нарын шаарынын “Алма-Бак” сейил багында ɵткɵрүлө турган «Китеп кербени» иш чарасына атайын катышууга келген АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Уолтнини жана башка  меймандарды, ɵзүнүн  иш  бɵлмɵсүндɵ  кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Кабыл алуу учурунда, биринчи жолу Нарын шаарына келип жаткан АКШнын ɵкүлдɵрүнɵ шаар тууралуу кыскача маалымат берилип, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги приоритеттери, курулуп жаткан Борбордук Азия Университетинин Нарын шаарынын өнүүгүүсүнө тийгизип жаткан оң таасирлери, шаардагы Америкалык борборлор, эл аралык кызматташуулар туурасында чай үстүндɵгү  маек, баарлашуу жылуу маанайда уланды.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Уолтни Нарын шаарына биринчи жолу келип, тоолуу кооз шаар экендигин жана борбор шаарлар облустардын жүзү катары эсептелерин белгиледи.

Ошондой эле Нарын шаарынын мэри эки элдин ортосундагы достуктун белгиси ирээтинде кыргыз элинин улуттук менталитетин чагылдырган сувенирлерди меймандарга эстеликке тартуу кылды.

Белгилей кетсек, Нарын облустук китепканасы тарабынан ɵткɵрүлгɵн «Китеп кербени» долбоору АКШ элчилиги тарабынан каржыланып келет. Мындан 4-5 жыл мурун ачылган китепкананын астындагы Америкалык борборго былтыр Wi-Fi роутерлер, планшеттер жана электрондук китеп окуучу каражаттар берилип, борбор тарабынан англис тилин үйрөтүү боюнча колдоолор көрсөтүлүүдө.

IMG_5305 IMG_5311 IMG_5313 IMG_5327 IMG_5336 IMG_5340 IMG_5362 IMG_5366 IMG_5391 IMG_5394 IMG_5396 IMG_5398

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий