М.СУБАГОЖОЕВ АТЫНДАГЫ НАРЫН КЫРГЫЗ-ТУРК ЛИЦЕЙИНИН ЭКИ ОКУУЧУСУНА НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИНИН СТИПЕНДИЯСЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Бүгүн,  май айынын жыйырмасында, М.Субагожоев атындагы Нарын кыргыз-түрк лицейинин салтка айланган “Акыркы коӊгуроо” салтанатына шаар мэри Э.Алымкулов катышты.

Мэр Э.Алымкулов, кɵптɵгɵн умтулууларды, аракеттерди, талбаган эмгектенүүнү, жетишкендиктерди камтыган быйылкы окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, лицейдин окуучуларына тереӊ билим, татыктуу тарбия берүүдɵгү ийгиликтери үчүн мугалимдер И.Бичен,  И.Акташ жана А.Тентиевдерди Нарын шаардык мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйлады.

Мындан сырткары окуудагы жетишкен ийгиликтери үчүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен, лицейдин эки окуучусу Б.Темирбековго жана А.Бектургановго  бир миӊ сомдон акчалай стипендиясын жана дипломдорду тапшырды.

Ошондой эле акыркы коӊгуроо аземинде шаардык Кеңештин төрагасы куттуктоо сөзүн айтып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады жана тарых мугалими Г.Тиленбаевага “Нарын шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгарды.

Иш чара окуучулардын күчү менен даярдалган чакан концерттик программа менен улантылды.

IMG_7762 IMG_7764 IMG_7766 IMG_7771 IMG_7773 IMG_7775 IMG_7776 IMG_7778 IMG_7754 IMG_7756

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий