Нарындагы «Энелердин» майрамы

17-май күнү Энелер күнүнө карата Нарын шаардык мэриясы   майрамдык иш-чара өткөрдү.  Майрамдык иш-чара шаардын борбордук аянттын жайкы сахнасында ɵтүп, ага шаар  тургундары жана баатыр энелер, апалар, эжелер чакырылган. Майрамдык иш чарага келгендерди шаар жетекчилиги  куттуктап, ак тилектерин жолдоп, бул майрам аз убакыттан тартып белгилене  баштаганына карабастан, эң жагымдуу майрамдардын бирине айланаарына тилектештигин билдиришти.

Энелердин майрамы   маданият кызматкерлеринин, искусство мектебинин окуучуларынын, ошондой эле ар жуманын бешинчи күнү ɵтүп жаткан шаардык ыр кесе кароо-сынагынан  тандалып алынган  концерттик  номерлер менен коштолду.

Ошондой эле бул күнү  шаар мэри Баатырбек  Жээналиев жана  вице-мэр Салтанат Эсенаманова   төрөт үйүнө барышып, 40 жаңы төрөгөн энелерди куттуктап, аларга арнап атайын дасторкон жайып, белектерди тапшырышты.

Мэр ɵз сɵзүндɵ, аялзатынын эң кымбат, баарынан асыл, ыйык  милдети – улуу табигат тартуулаган энелик милдет экенин белгилеп, эненин өмүр жолунда  ымыркайды тогуз ай көтөрүп,  омурткасы сыздап, токсон ирет толгонуп, жарык дүйнөгө алып келгенин, жана күн тынымын, түн уйкусун бузуп, азап менен баласын чоңойткон эненин эмгегин сөз менен айтып жеткире албастыгын билдирди.

Ал эми жаӊыдан кɵз жарып алгач бала жытын жаӊыдан искеп, ошондой эле кезектеги баласын тɵрɵп бактылуу энеликти башынан ɵткɵрүп жаткан энелер куттуктап баргандарга ыраазычылык билдиришти.

IMG_3608 IMG_3609 IMG_3610 IMG_3613 IMG_3618 IMG_3620 IMG_3626 IMG_3634 IMG_3642 IMG_3644 IMG_3645 IMG_3651 IMG_3655 IMG_3656

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий