Нарында Кыргыз Республикасынын Туусунун жана Ак калпак күндɵрүнɵ карата салтанаттуу иш-чара ɵткɵрүлдү

Бүгүн 5-мартта, Нарын шаарынын борбордук Теӊир -Тоо аянтында, 3-март Кыргыз Республикасынын Туусунун кабыл алынгандыгынын 22 жылдыгына  жана 5-март Ак калпак күндɵрүнɵ карата салтанаттуу иш-чара белгиленди.

33 (1) 33 (2)

 Иш чара мамлекеттик Тууну дагы бир ирээт даӊазалаган, ак калпак кийген   жаштардын жɵɵ жүрүшү  менен башталды.  Аянтта чогулган жаштарды,  шаар калкын облус жана шаар жетекчилери куттукташты, андан соӊ иш чаранын маданий бɵлүгү улантылды.

Белгилей кетсек, Нарын шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш чаранын  жɵɵ жүрүшү үчүн  400 дɵн ашуун студенттер жана окуучулар тартылды.

Share

Добавить комментарий