Нарында «Мамлекеттүүлүктү чыңдоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын милдети» — темада баяндама окулду

Нарын облусунун аймагындагы коомдук коопсуздукту алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу коомчулук менен УКМК биргеликте иш алып баруу тартибинин негизинде атайын баяндама окулду. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Маалыматка ылайык, аны УКМКнын Нарын облустук башкармалыгы тарабынан өкүлдөр туура жана терең маңызда баяндалган темада баяндама окуп, коомчулук менен тыгыз кызматташуу тууралуу сунуштамаларды берди.

Ага, Нарын шаарындагы мекеме ишканалардын жетекчилери, кызматкерлер жана Нарын ОИИБнин аймактык тескөөчүлөрү катышышты.

Баяндамадан соң талкуу уюштурулуп, анда дин тармагы, коопсуздук жана уурулук менен чагымчылдык күчтөр айтылып кайдыгерликтин айынан келип чыгып аткан көрүнүштөргө токтолушту.

Share

Нурзада Мукашова

Пресс секретарь мэрии города Нарын

Добавить комментарий